Menu

Бишкек мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча адистер үчүн окуу семинарлары өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 14-15-декабрларында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмөрүндө эмгектенген мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттер жүктөлгөн адистер үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча “Лингвистикалык экспертизанын негиздери” аттуу окуу семинарлары өткөрүлдү. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бул окуу семинарлар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ №119 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 жана 2016-жылдын 15-ноябрындагы  №581 токтомдорун аткаруу жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: