Menu

«Улуттар Биримдиги» Саясий партиясынын Кыргызстан элине Кайрылуусу

Бөлүшүү:

“Улуттар Биримдиги» Саясий партиясы Мекенибиздин чыныгы патриотторун  баш коштурган саясий бирикме болгондуктан, өлкөбүздүн улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктарын гана коргоону көздөйт.

Мамлекеттин  өнүгүшү үчүн элибиздин биримдигин жана өлкөбүздүн ичиндеги туруктуулукту сактоо партиянын ишмердүүлүгүнүн башкы максаты болуп келүүдө. Партиянын баардык күч аракеттери өлкө ичиндеги тынчтыкты сактоого, демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана   күчтүү, экономикалык көз карандысыз мамлекетти курууга багытталган.

Бүгүнкү күндө партия оор күндордү башынан кечирүүдө. Бирок ага карабастан   биздин партия мамлекетибиздин Конституциясын жана башка мыйзамдарын так аткарууну  партиянын ишмердүүлүгүндө башкы принциби катары колдонуп келүүдө.

2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Конституция, өлкө тарыхында биринчи Баш мыйзам эмес эле. Бирок, бул  Конституция  мурунку кабыл алынган Конституциялардан айырмаланып өзгөчө оор абалда, туруксуз мезгилде жана эл башына мүшкүл иш түшүп турганда  кабыл алынганы баарыбызга маалым.

Ошол убакта «ооба» деп добуш берген референдумдун ар бир катышуучусу, бир гана баш мыйзамга ооба дебестен өлкө  тынчтыгын, эл арасындагы биримдиктин бекем болушун тилешкен. Азыркы баш мыйзамдын тарыхый миссиясы дал ушунда эле.

Бирок, Конституцияда каралган мамлекеттик бийликтин иштөө механизмдери элибиздин үмүтүн актаган жок. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам авторитардык режимди талкалап, чыныгы парламенттик республиканын орношун жана ошону менен бирге элдик бийликтин келишин камсыз кыла алган жок. Ошондуктан, азыркы иштеп жаткан Контитуцияга жөн гана өзгөртүүлөр киргизилбестен, анын негизги жобоолору да каралып чыгышы керек. Анткени, Кыргызстанга улуттук кайра жаралууга жана улуттук биримдикке алып келе турган жаңы Баш мыйзам керек. Ошондуктан «Улуттар Биримдиги» элдик партиясы жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыкканын жана аны коомдук талкууга алып чыгууга даяр экенин билдирет.

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясы Конституция бул мамлекеттин негизги гана мыйзамы  эмес, ал биринчиден коомдук келишим экенин,  анын легитимдүүлүгүнүн башкы шарты ага өзгөртүүлөрдүн киргизилиши эл тарабынан демилгеленип,  аны иштеп чыгууда жана кабыл алууда ага коомдук жана саясий күчтөрдүн калың катмарынын катышуусу керектигин  терең түшүнүү менен, Президентти жана Жогорку Кеңешти  Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүү аракеттерин токтотууга  чакырат.

Анткени, азыркы учурда баш мыйзамды өзгөртүү боюнча  жүрүп жаткан иш аракеттер, жалпы жумурай журттун кызыкчылыктарына жооп бербеси, бул жөн гана саясий оюндар жана көз боёмочулук экени айтпасак да айдан ачык көрүнүп турат.

Эгерде, бул иш аракеттер ишке ашырыла турган болсо анда, Кыргызстан элин дагы бир «көңүл калуу» күтүп турат.  Ал эми референдумдун кыска убакытта  жана президенттик шайлоого аз калганда шашылыш өткөрүлүшүнөн анын эл кызыкчылыктарына каршы багытталганын көрүүгө болот.

Азыркы Конституция  референдум тарабынан берилген акыркы күндөрүн жашап жатат.  «Улуттар Биримдиги» партиясы 2010-жылы коомдук келишим катары кабыл алынган  Баш мыйзамды бузбоого жана ошол эле убакта жаңы Конституциянын долбоорун эл өзү иштеп чыгыш керек экендигин билдирүү менен, коомдук талкуулардын процессин баштоо мезгили келип жетти деп эсептейт.

«Улуттар Биримдиги» Саясий партиясынын Кеңеши

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: