Menu

Ош облусунда жарандарга шарият маселелерин интернет аркылуу жеткирүүнү жакшыртуу жолдору талкууланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев «Youth of Osh” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Акмарал Сатинбаева менен жолугушту. Жолугушууда Акмарал Сатинбаева «Youth of Osh”  коомдук бирикмеси тарабынан Ош шаарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча тааныштырып, дин жаатында да биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгиледи. Тараптар коомчулукту түйшөлткөн радикалдуулук маселелеринин алдын алуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө биргеликте иш-чараларды уюштурууну талкуулашты. Мындан сырткары коомчулукка Ислам динин Ханафий мазхабдын багытында үйрөтүп жеткирүүдө интернет сайттарындагы Муфтияттын карамагындагы расмий маалымат булактарына колдоо көрсөтүү жана атайын мобилдик приложенияларды ачуу зарылдыгы бар экенин айтышты. Андыктан жарандардын арасында пайда болгон шарият маселелерине фатва бөлүмдөрүнүн жеткиликтүү расмий жоопторун сайт аркылуу ишке ашыруу демилгеленди. Бул жаатта аталган коомдук бирикменин Ош шаарынын муниципалдык тейлөө  кызматттары боюнча мэриянын сайтынын алдында ачылган онлайн-картасы тажрыйба катары тааныштырылды. Жыйын соңунда коомдук бирикме сунуштап жаткан долбоор ишке ашып калса жарандардын шарият маселелерине интернетте онлайн аркылуу расмий жооп алуу мүмкүнчүлүгү жогорулаары белгиленди.

Эскерте кетсек, «Youth of Osh” коомдук бирикмеси буга чейин Ош шаарынын социалдык-экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө бир топ долбоорду ишке ашырып келишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: