Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусу изделүүдө. Бул тууралуу туугандары бүгүн, 13-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, окуучу бала Абдуло Шамсидинов 30-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Үстүндө кара куртка, башында кара кепка, бутунда кара кроссовкасы кийген.
Эгер көргөн, билгендер болсо, төмөнкү телефондорго чалып коюшуңуздарды жоголгон баланын ата-энеси суранат. Тел: 0555 102 853; 0222 535 717; 0772 877 769.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ