Menu

Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү машыктыруучулардын эмгек акысын – 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын – 20% көбөйттү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кабыл алынган токтом 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтөт.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдө чоң секирик жасалды. Алсак, 2018-жылы Джакарта шаарында (Индонезия) өткөн 18-Азия оюндарында тарыхый ийгиликке жетип, биздин спортчулар биринчи жолу 20 медалга ээ болушту, алардын ичинен 3 алтын.

Мындан тышкары 2018-жылы Футбол боюнча улуттук курама командабыздын футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө тарыхта биринчи жолу жолдомо алып, 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда ишеничтүү оюн көрсөтүп, өз тайпасынан чыгып, кийинки плей-офф баскычына чейин жеткени дагы чоң жетишкендик болду. Муну менен бирге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын жеңген медалдарынын саны өстү.

Спортчулардын эл аралык спорттук аренадагы жыйынтыктары – бул машыктыруучулардын, спортчулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин талыкпаган ишинин жемиши.

Бул эмгекти баалап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү машыктыруучуларды жана спортчуларды эл аралык аренада жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүгө шыктандырууга багытталган      ченемдик-укуктук актыларды кабыл алды.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын    23-ноябрындагы № 554 «Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды.

Бул токтом спортчулардын эл аралык мелдештерде жогорку  натыйжаларга жетишкендиктери үчүн стипендия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн оптималдаштырууга багытталган.

Мунун натыйжасында:

–  олимпиадалык резервдин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт;

– Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарына катышууга линцензияга ээ болгон спортчуларга стипендия берилет (бул алардын көрсөтүлгөн мелдештерге даярдыктарынын сапатын жакшыртат);

–  спорттун сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиондоруна жана байге ээлерине стипендия берилет;

– спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаттын жана Дүйнө кубогунун чемпиондоруна жана байге ээлерине стипендия берилет;

– А категориясындагы эл аралык мелдештердин чемпиондоруна жана байге ээлерине стипендия берилет.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобого ылайык стипендиялардын өлчөмдөрү календардык жыл ичинде спортчулар көрсөткөн спорттук натыйжаларга жараша, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттик каржыланышынын чегинде белгиленет жана стипендиаттарга ай сайын төлөнөт.

Стипендиялар спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча – 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча – 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча – 4 категорияга бөлүнөт:

1) спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:

– I категория – 75,0 (жетимиш беш) миң сом;

– II категория – 60,0 (алтымыш) миң сом;

– III категория – 50,0 (элүү) миң сом;

– IV категория – 40,0 (кырк) миң сом;

– V категория – 30,0 (отуз) миң сом;

– VI категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

– VII категория – 10,0 (он) миң сом;

2) спорттун улуттук түрлөрү:

– I категория – 25,0 (жыйырма беш) миң сом;

– II категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

– III категория – 15,0 (он беш) миң сом;

3) спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:

– I категория – 20,0 (жыйырма) миң сом;

– II категория – 15,0 (он беш) миң сом;

– III категория – 10,0 (он) миң сом;

– IV категория – 8,0 (сегиз) миң сом.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: