Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
Корея Республикасынын Премьер-министринин расмий сапарынын алкагында бир нече иш-чара пландаштырылган, анын ичинде 50дөн ашуун корея компаниясынын катышуусунда эки кыргыз-корея бизнес-форумун, «В2В» түрүндөгү жолугушууларды, ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө багытында кызматташууну мындан ары карай өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле Корея Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ