Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Президенттин тегереги үч чоң кландык топ менен бийликти монополияга алууга аракет кылып жатышат”

Бөлүшүү:

Табылды агай менен кыргыз саясатындагы айрым кырдаалдар, конституция маселесинин күңгөй тескейи тууралуу баарлаштык.

-Табылды агай, Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровду “Үңкүр-Тоону тымызын өзбектерге өткөрүп берүү аракетин жасаган” деген шылтоо менен УКМКнын СИЗОсуна камашкан эле. Алар камакта жатса деле Үңкүр-Тоо чыры кайра жандана баштады го?

– Менимче, окуялардын акыркы өңүттө өнүгүшүнө караганда бийлик Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров же башка саясатчылар болобу, айтор кимди гана болбосун болбогон шылтоо менен эптеп камоосу турган иш болуп калды. Алардан кийин да Б. Талгарбеков, Колубаев, Д. Сарыгулов ж. б. бир эле телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн шылтоо кылып камап койду. Себеби, Кыргызстандагы саясый процесстер бүгүнкү саясый абалды шарттап келаткан болсо керек. Башкача айтканда, айрым саясатчыларды камап, элди коркутуп, анан конституцияны өзгөртүү маселеси иштелип чыгып, ошону реализация планы иштеп жатса керек. Бирок, бийлик Б. Асановду, К. Кадыровду камап жатып, Үңкүр-Тоо проблемасынан биротоло кутула албай, бул кайра –кайра көтөрүлө берип, бийликтиин аброюн айрандай төгөрүн түшүнгөн эмес да. Бийлик саясатчыларды камап, кумарланып жатканда Өзбекстан мындан пайдаланып Орусия менен мамилесин өзгөртүп, жакшы болуп алды. Ошондуктан, Камбар-Ата, Жогорку-Нарын ГЭС каскаддары курулбай калды. Өзбекстан Кыргызстанга мурдагысындай кыр көрсөтүп, түштүктөгү абалга ачыктан-ачык таасир берип жатат.

– Конституциянын күңгөй-тескейи тууралуу нелерди айта аласыз?

-Конституциялык чырга бийлик эмес, Президент А. Атамбаев эмес, анын тегерегиндеги айрым саясатчы сөөрөйлөр күнөөлүү. Президенттин тегереги муну менен А. Атамбаевди подставить этип, уят кылып койду. Болбогон конституциянын долбоорун президентке киргизе коюшуп, А. Атамбаевди пресс-конференцияга сүйрөп чыгышып, аны конституциянын долбоорун корготуп сүйлөтуп алышып, эң оңтойсуз абалга алып келип коюшту. Азыр президент Атамбаев же артка кетээрин билбей, же алдыга кетээрин билбей, тунгуюкка кептелди. Конституциянын долбооруна Ө. Текебаев, Ф. Кулов,А. Мадумаров, А. Салянова, Т. Сариев, А. Бекназаров, И. Исаков, Каттани, Б. Наргозуев ж. б. толгон саясатчылар, эксперттер каршы ой- пикирлерин билдиришти. Булар “мейли, өзгөртсө өзгөртөлү, бирок, мыйзамдуу жол менен, Конституциялык кеңешме түзөлү, анан барып өзгөртөлү” деп жатышат. Мен болсо, 2020-жылга чейин өзгөртүүгө каршы экиндигимди билдирип жатам. Каршы чыккандардын саны күн санап өсүүдө. Себеби, саясатчылар, кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө жүзү баары билет да. Кыргызстанда эки революция тең Конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин болгондугун, ошондуктан бүгүн бардык саясатчылар дагы бир балээге тушукпайлы, деп кооптонгонун билдирип жатышат.

-Жогорудагы атту-баштуу, беделдүү саясатчылар кооптонуп, бул аракеттер стабилдүүлүгүбүзгө шек келтирип, революциялык абалга келип калбайлы деп ачык билдирүүлөрдү жасап жатышса, эмне үчүн парламенттеги төрт фракция өз турумдарында катуу туруп жатышат?

-Мен жогоруда айтпадымбы, президенттин тегерегиндеги айрым саясатчылар А. Атамбаевди “подставить” этип койду деп. Мына саясатчылардын ошол тобу, президенттин Аппаратын жана төрт фракция лидерлерин фракцияларды да чүлүктөп баш ийдирип алышты. Шайлоолор учурунда эле булар жөнүндө ар кандай сөздөр тарап жатпады беле. Булардын тизмеси Ак үйдө түзүлүп жатат деп. Булардын күркүрлөрү алдыңкы тизме үчүн жашыл акчаларды Ак үйгө алып барып берип, анан тизмеге олтуруп атыптыр деп. Ошол сөздөрдүн чындыгы бар болгон үчүн шайлоо бүтөөрү менен тизмени бузуп, артындагы акча берген күркүлдөр алдыга жылдырылып, парламентке келишти. Акчасыздарды талаага таштап салышты. Азыркы парламент коррупциялык схемада түзүлгөн деп айтууга толук негиз бар. Себеби, М. Бакиев да дал ушуга окшош аракеттерди жасаган. Мисалы, Бишкек шаардык кеңешке шайлоолор болгондо, ал бардык байлардан акча алып, анан шайлоонун жыйынтыгында аларды алдыңкы сапка олтургузуп койгон. Тигил же бул кандидат депутат болбой калса да, ал акыры 4 жыл ичинде депутат болгудай кылып койгон. Ошонтип шайлоону бизнеске айландырган. Өткөн парламенттик шайлоолор деле ошондой болду. Күркүл кандидаттардын баарынан акча алынып, шайлоолор бизнеске айлангандыктан шайлоолордо айрым партияларга актыкчылык берилди. Ошондуктан, алар добуштарды ачык эле сатып алып жатышты. Ал эми тизмесин өздөрү түзгөн партиялар добуш сатып ала алышкан жок. Себеби, аларды тыкыр аңдышып, добуш сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышты. Бизнесмен кандидаттарга мандатка ээ боло тургандыгына кепилдик катары алдын ала кандидаттарды баласын күбөлөндүрүп ант бердиртип алышкан. Мына ошондуктан Президенттин тегереги бүгүн эч коркпостон-үркпөстөн эле ачык, конституциялык кенешмесиз эле, түз чөнтөк парламент аркылуу конституциялык реформаларды өткөрүп өз бийликтерин чыңдап алууга өтүп жатат. Бул Бакиевдин акыркы парламенттик жана президенттик шайлоолордо жасаган аракеттеринин эле өзү. Эч айырмасы жок. Шайлоолорду утуп алары менен, элдин үнүн укпай, баарын сатып, саясатчыларды тебелеп-тепсеп олтуруп, кескин аракеттерге бара башташкан. Азыр да Президенттин тегерегиндеги айрым саясатчылар Атамбаевге “элди угуп эмне кыласыз, парламентти сиздин чөнтөк органыңызга айландырдык, оозун бууп койдук, каалаганынызды «реформа» деген ат менен жасай берсеңиз болот, биз турабызго артыңызда, илибоюн жайлайбыз” тариздеги позицияны карманууда. Акаев, Бакиевди да дал ушул эле саясатчылар, ушундай эле макулук жолдор менен кулатышкан.

– Конституцияны алмаштыруу демилгеси Атамбаев-Текебаев тирешин жандантты. Эми кимиси жеңет?

-Менимче, бул маселеде Текебаев же Атамбаев жеңбеши керек, саясатчылар, коомчулук бирге аракеттенип, акырында эл жеңип чыгышы керек.

-Сиздин баамыңызда бу сапар ийгилик Атамбаевге жылмаябы же Текебаевгеби?  

-Менимче, Президенттин тегереги өлкөдөгү конституциялык реформалар жөнүндө Атамбаевди БУУ ассамлебясынын трибунасында билдирүү жасатып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бул маселеге бурдуртуп, оппозицяны 1=0 кылып алууга аракет кылышы мүмкүн. “Өлкөдө конституциялык реформалар жетишпей жатат” деген таризде сүйлөп, аны негиздеши мүмкүн. Бул алдын-ала иштелип чыккан план болуусу ыктымал. Себеби, бийлик тарап, өз позициясында катуу туруп жатышкандыктары да ушундан болушу мүмкүн. Алар ар кандай учур үчүн алдын-ала ойлонуштуруп койгон пландары бар. Ошол пландар ишке ашмайынча өз турумдарынан кайтпайт. Эгер алар ишке ашпай калса. Анда эл менен эсептешүүгө өтүшөт. Бирок, ал деле жардам бербей калышы мүмкүн. Маселе конституциялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө эмес, андан кийинки процесстер кандай нукта өөрчүйт мына ошондо да. Мындан мурдагы эки президент тең, дал ушундан жыдышкан. Конституциялык реформалар менен бийлигин бекемдеп алсам эле болду дешкен. Бирок, иш жүзүндө, турмуш ыргагында эки жолу тең андай болбой калбадыбы. Акаевдин учурунда саясатка салыштырмалуу мыкты дайындыктагы адамдар тартылчу. Бакиевдин учурнан бери. Саясатка билими тайкы, билими жок, саясатты жана саясий аракеттерди механикалык түрдө жүргүзө бере турган адамдар тартылып жатат. Ошонудктан, эч канда идеясы жок. Акаев, Бакиевдин учрундагыдай эле президенттин кланы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кланы, тегереги деген группировкалар бийликти монополиялап, өлкөнү конституциялык өзгөртүүлөр аркылуу көзөмөлгө алууга аракет кылып келатышат. Азыр президенттин тегереги үч чоң кландык топтун негизиде бийлиикти монополияга алууга аракет кылып жатышат. Президенттин тегереги кадр саясатын ушул негизде жүргүзүп жатышат.. Мисалы, биринчи топко президенттин айылдаштарын, жардамчыларын, кеңешчилерин кошушат. Экинчи топко президенттин биринчи аялынын уругундагыларды айтышууда. Үчүнчү топту президенттин аппарат жетекчиси Ф. Ниязовго жакын саясатчылар түзүп жаткандыгын айтышат. Өкүнүчтүүсү бул топту биринчи лединин атына байланыштырышып, аны да саясатка аралалаштырып жатышкандыгында. Андан да өкүнүчтүүсү бул топто бир эле майда улуттун өкүлдөрүнө же ага генетикалык жакындарга (таеке-жээндик катнаш) артыкчылык берилери айтылууда. Акыркылар кийинки учурлардан баштап өзгөчө маанилүү ролго ээ болушкан. Бул топко акыркы мезгилдерде өзгөчө артыкчылык берилгендиктен, саясатчылар арасында, айрым мекемелерде нааразычылыктарды жаратууда. Бул топтун өзгөчө парламентте, стратегиялык тармактарды, медицина тармагында позициясы күчтүү (Медакадемия, адамды репродукциялоо борбору, эне жана баланы коргоо борбору, геология мамкомитети госкомгеология ж.б.). Бүгүн бийлик жогорудагы топтордун өкүлдөрүн гана чагылдырып тургандыгы белгилүү болуп калды. “Таш ыргытсаң ушул топтун өкүлүнө барып тийет” дешет. Мына ошондуктан, саясатчылар президенттин тегереги конституциялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү менен бийликти монополиялаштырып алганы жатат деп коңгуроо кагып жатышат. Бул өтө чоң күнөөлөө. Себеби, азыр эле өлкөдө конституциялык өзгөрүүлөр президенттин тегереги жана бир майда улуттун кландык кызыкчылыгында жүргүзгөнү жатат деген сөздөр тарап жатат. Мунун аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз.

– Айрым аналитиктер бул саясый оюндун башында Өмүрбек Текебаев турат. Аны кара пиардан акташ үчүн “коомчулуктун көзүнө Атамбаев менен тирешкен жалгыз адамдай” көрсөтүп, жыйынтыгында Текебаев президент болот деген имиштер айтыла баштады. Ишенсек болобу?

-Жок. Бул таптаза туура эмес пикир. Себеби, демилге ээлери башкалар болуп жатпайбы. Алар парламенттин 4 фракциясын өздөрү каалагандай калчап, өз кызыкчылыгында иш алып барып жатышат.

– Булардын нукура максаты эмне? Ө. Текебаев “булар өз бийлик мөөнөтүн узартууну көздөп жатышат” деп күнөөлөдү го?

-Булардын негизги максаты конституцияны өзгөртүү жолу менен Президент А. Атамбаевге экинчи мөөнөттү камсыз кылуу. Эгер ал болбой калса, анда Ө. Текебаев айткандай Атамбаев өлкөнү эч мамлекеттик кызматсыз эле башкарып турууну камсыз кылуу.

 -Булардын мындан башка жеке кызыкчылыктар барбы?

-Бар. 5-6 жылдан бери, булар «неприкасаемый» статуста болуп келишти. Батукаевди коё бергенден баштап, булар ачык коррупциялык жолго өтүп, өлкөнү көзөмөлгө алышты. Премьер-министрлерди, спикерлерди кол каптай эле алмашытырып келишти. Акча суудай агып турса, президенттин тегереги кантип бийликтен кол жуугусу келсин. Мисалы, өткөндө Сариевди Балыкчы-Каракол жолун шылтоого алып, кызматтан алышты. Кытайлыктардан 6 млн. доллар жардамчылары алган деп жатышат. Бирок, бул коррупциялык ыкма илгери Акаевдин учурунда болгон да. Эсиңизде болсо, Акаев кезектеги шайлоолорго барардын алдына, Туркиялык Импаш-Манас» долбоору ишке кирген эле. Аларга «Трудовые резервы» стадионун берип, түрктөр шапка-папакесин берип ишти катуу башташкан. КТРден кайра-кайра көрсөтүшүп, шайлоолорду өткөрүшкөн. Шайлоолор бүткөндөн кийин, бул компания экстремисттик негизде экен деп, бардык ишти жаап коюшкан. Ошондуктан, бул жолу да шайлоолор үчүн кытайлык бизнесмендер садага чабылып кетти дегендер туура айтып жаткандай туюлат.

Чынайым Кутманалиева,  “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: