Menu

Бекболот Талгарбеков, экс-министр: “Масалиев, Момбеков, Акаевдер “саясий казинону жабалы” деп жатышат”

Бөлүшүү:

– Коммунисттик идеялар Батышта жаралган болчу. Учурунда «Европаны бир караан аралап жүрөт, ал коммунизмдин карааны» деп жазышкан Маркс менен Энгельс. Бирок, ал идея Батышта эмес, Ленин жана Сталиндердин иш-аракети менен жүз жылдан соң падышалык Россияда турмушка ашкан. Тарыхтын парадоксу ошондой. Ал эми анархиялык мамлекеттик түзүлүш идеясы өткөн кылым башында Россияда туулуп, тамырын терең жайган. Анархисттер «мамлекеттик бирдиктүү, күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар түркүн жааттарга (партияларга), уюм, топторго чачырашы зарыл» деген максатты туу тутунушкан. Алардын «Анархия – мать порядка!» деген учкул девизи болгону белгилүү. Мына эми тарых парадоксу дагы кайталанып, анархия идеясы өзү туулуп-өскөн Россияда эмес, жүз жылдан соң, 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамга ылайык, эгемен Кыргызстанда турмушка ашты. Көксөөлөрү чет-булуңдагы кыргыз жеринде мыйзамдуу жолго салынары орус анархисттеринин үч уктаса түштөрүнө кирбесе керек. Ошентип, Кыргызстанда аты «парламенттик», заты «анархиялык», башаламан, чакчелекей, жоопкерсиз мамлекеттик башкаруу өкүм сүрүп жатканына тогуз жыл толду. Ырас, 2012-жылы 28-февралда ал кездеги жаңы президент Алмазбек Атамбаев КТРдеги түз маегинде «учурда өлкөдөгү башкаруу парламенттик эмес!» деп мойнуна алган. «Анда кандай башкаруу?» деп эси оогон алпаруучуга «чёрт его знает!» деген Атамбаевдин жообу дал ошол «бардак» системаны көнгөн өз сөзү менен сүрөттөгөн десек болот. Ошондо «жаңы президентибиз түшүнүктүү адам тура!» деп коомчулук аябай таңгалгаң. Бирок, КТРден кайтканда анын Фарид Ниязов, Василевецский сыяктуу акыл сиңиргичтери ага айтышса керек, «ызы-чуудан башы чыкпаган парламент, өз алдынча бир маселе чече албаган өкмөт сизге абдан ылайыктуу» дешип. Атамбаев айнып, «парламенттик өлкө курулуп жатат» деп кайра мурдагы ырга өткөн. Бара-бара анархиялык мамлекеттик түзүлүштүн башкы өзгөчүлүгү дайын болду. Эгер мурда (Акаев, Бакиевдер бийлигинде) коррупция айрым тармактарда (энергетика, салык ж.б.) орун алып келсе, 2011-жылдан кийинки анархиялык системада мамлекеттин өзү башкы коррупционерге айланды. Өзгөчө саясый коррупция гүлдөп өстү. Мамлекеттик бийлик өтө пайдалуу инвестициялык чөйрө болуп калды. Саясатчы Равшан Жээнбеков таамай белгилегендей, «мурдагы президент Атамбаев өзү коррупциянын туу чокусу болгон!» («Майдан», 23.05.2018 ж.). Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү Азимбек Бекназаров моюндагандай, «орнотулган мамлекеттик түзүлүш – ууру, бандит, мародер, базарком, сутенер, нарко жана алкомагнаттар үчүн бул дүйнөдөгү бейиш!». Өлкөнү сазга тыгып, иритип-чиритип жаткан бул мамлекеттик түзүлүштү 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү менен ого бетер тамтыгын чыгарды. Кыргыз мамлекетинин «дөңгөлөгү» тескери айланып калды. Коомчулуктун пикиринде, бул анархиялык түзүлүштү көздүн карегиндей сактап турганга бийликке расмий илешип же короосуна кирип алышкан эки жүздөй эле «илита» мүчөлөрү кызыкдар. Алар күчтө турганда адарды жыргатып-куунатып келаткан Башмыйзамга эч өзгөртүү киргизилбейт. Бирок, ошол анархиялык системалуу мамлекеттин жок дегенде «дөңгөлөгүн» алга айлангандай оңдоп коёлу (!) деген демилгечилер чыкты. Кыргыздар мындайда «жоктон көрө жогору» деп коюшат эмеспи. Эмне себептен Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдер шайлоо мыйзамына преференциалдык, б.а. ачык тизме менен шайлоо тартибин киргизүүнү сунуштап жатышат? Жалпыга маалым, иш-аракеттеги партиялык тизме түзүү – бул өзүнчө эле «казиного» айланган. Учурда ал жерде буркан-шаркан иштер жүрүүдө. Таасирдүү саясатчылар, олигархтар «банковать» этишип, партиялык тизмелерди ары-бери калчашууда. Жашыл сөлкөбайчылар «алтын, күмүш» орундарга коюлуп, сом жыйнагандар «коло» орундарга топурап кезекте. Каражат тартыштыгынан «казиного» киргизилбеген үчөө ачуулары келип, анын таш-талканын чыгарганга бел байлашты. Эгер алардын демилгеси парламентте кокус каралса, анда «казиночулар» арасында чаң-тополоң башталары бышык. Акыркы эки шайлоодо жолго салынган эрежелер толук бузулуп, Бекназарювдун тизмесиндеги «илита» өкүлдөрү дендароо акыбалга тушугат да, анан алардын кыжырлары шакардай кайнап, берки үчөөнү төө бастыга алышары айдан ачык. Демек, демилге ишке ашпайт.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: