Menu

Казак элчиси Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Крым тууралуу айткандарына байланыштуу бул өлкөнүн Киевдеги элчиси Самат Ордабаев Украинанын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө украин тарап Крымдын аннексиясы боюнча Казакстандын позициясына карата тынчсыздануусун билдирди.

— Жолугушууда тараптар өз ара көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сыйлоо принциптерин бекем кармана тургандыктарын ырасташты, — деп жазылган украин ТИМинин сайтындагы билдирүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-декабрда Deutsche Welle басылмасына берген интервьюсунда Орусиянын Крымды өзүнө каратып алышын “аннексия” деп атабай турганын айткан.

– Болор иш болду. Аннексия – Крымга карата колдонулуучу сөз эмес. Крымда болгон жагдайга байланыштуу бизде эч кандай коркунуч болгон жок. Себеби биздин Орусия менен карым-катнашыбыз жакшы – деген Токаев.

4-декабрь күнү кечинде Украина ТИМи Крымдын аннексиясы тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин айткандары боюнча нааразылыгын билдирип, казак тарапка тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: