Menu

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго түз суроо: Сиздин жашоо “нур” заманбы же “пул” заманба?

Бөлүшүү:

Бир күн да мамлекеттик кызматта иштебей, тиешелүү баскычтарды басып өтпөстөн, бизнесте жүрүп түптүз эле мамлекеттик мекемени тескөөчү болуп калган эргулдарыбыз жок эмес. Алардын бири бизнесте жүрүп Жогорку Кеңештин депутаты болуп, анан ал ишти мамлекеттик кызматка айырбаштаган Болотбек Ибраимжанов учурда өлкөбүздүн миграция тармагын тескеп олтурат. Бирок, кылган иши көмүскө. Ачык-айрым иш алып барууга эрки жетпей олтурганы чындык. Башкасын айтпаганда дагы, Кытайдан биздин өлкөгө кирип иштейбиз деген кытайларга уруксат берүү жолдорун өтө татаалдаштырып, аны өздөрү алчусун алып туруп бүтүрүп берүүнү бизнеске айлантып алганы ачык эле айтыла баштады. Алардын айтымдарына караганда, миграция кызматынын бир адамга бере турган уруксат кагазы бир топ суммадагы АКШ долларына бааланып атканын бизге айтып келишти. Мындан улам Болотбек Ибраимжановго собол салгыбыз келип турат. Болот мырза, сиз жетектеген тармакта коррупция жок деп так кесе айта аласызбы? Кытайдан мигрант катары кирген кытайлар үчүн уруксат кагаз кандай жолдор менен берилиш керек? Бир адамга берилген бир кагаздын баасы асманды чапчып кеткени чынбы? Эгер жалган десеңиз аны кантип далилдеп бере аласыз? Айтмакчы, депутат болуп жүрүп эле миграция тармагына эмне максат менен келдиңиз эле? Келгенден бери кыйраткан 5-6 ишиңизди санап бере аласызбы?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: