Menu

Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө карата куттуктоосу

Бөлүшүү:

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу окумуштуулар, илим чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Байыркы элибиз: «Илим турмуш чырагы, өнөр эрдин куралы», «Илим элдин көркү…» деп, эзелтен илимге жана билимге жогору маани берип келген.  Ал эми быйыл эл аралык деңгээлде 1000 жылдыгы кеңири белгиленип жаткан бабабыз,  чыгыш-мусулман кайра жаралуу доорунун улуу ойчулу жана көрүнүктүү мамлекетттик ишмер Жусуп Баласагындын өмүрү жана руханий мурасы бир кезде Кыргызстандын аймагы гүлдөп-өнүккөн илим жана маданият борборлорунун бири болгонуна далил.

Азыркы Кыргызстанда илимдин калыптанышы өлкөбүздүн совет мезгилинде өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышкан. Илимий кадрлардын негизи, материалдык-техникалык база, илимий методология ошол кезде түзүлгөн.

Толук бойдон мамлекеттик каржылоодон рынок шартына өтүү мезгилинен ийгиликтүү өтүп, азыркы ата-мекендик окумуштуулар жана илимий кызматкерлер улуу муундардын каадалуу салттарын улантышууда. Окумуштуулардын жана мамлекеттин аракети менен алдыңкы илимий мектептер сакталып, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдүн айрым багыттарында мыкты жетишкендиктер азыр да уланууда.

Кыргызстан окумуштуулары миңдеген монографияларды, окуу китептерин, окуу куралдарын жарыялашты, жаңы илимий ачылыштарды жасашты. Жергиликтүү чийки заттарды пайдаланууга багытталган, энергия үнөмдөөчү технологиялар иштелип чыкты жана башка маанилүү изилдөөлөр ишке ашты.

Азыркы гуманитардык илим да өнүгүп, тарых, педагогика, социология жана башка тармактарда жаңыча мамилелерге жана заманбап методологияларга негизделген, өлкөнүн адам ресурстарын изилдөөгө жана өнүктүрүүгө түздөн-түз байланышы бар илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Мамлекет азыркы шарттарга ылайыкташкан, алдыга коюлган милдеттерди чыгармачылык менен аткарууга жөндөмдүү жана өз ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген жаңы форматтагы илимий кадрларды даярдоого умтулууда. Азыркы экономикалык шартта өлкө так ушундай адистерге муктаж. Илимдүү жана эмгекчил адамдар мамлекетибиздин эң башкы ресурсу жана байлыгы болот.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана бай тажрыйбаңыздар көптөгөн проблемаларды биргелешип чечүүгө жана мамлекетибиздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө болооруна терең ишенем. Бул үчүн бизде жетишерлик илимий потенциал жана өлкө жетекчилигинин саясий эрки бар.

Кымбаттуу илимпоздор!

Сиздерге бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана элибиздин жаркын келечеги үчүн жаңы чыгармачылык жетишкендиктерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти                                                                                                                   А.Атамбаев».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: