Белгилүү казак ырчысы Гаухар Алимбекова квартира боюнча алдамчылык кылганы үчүн эми алты жыл түрмөгө отурат. Анын шериги жети жылдык мөөнөт алды.
Бул эки келин Бакыт Назарова аттуу аялга Алматыдагы «Аккент» комплексинен 40 миң долларга квартира алып берүү боюнча убада кылышкан. «Zakon» басылмасынын жазганына караганда, алданган аял ырчы менен көп жылдан бери тааныш болгондуктан, ага акчасын эч ойлонбой берип салган. Бирок, квартира ала алган эмес. Сот бул ишти узак мезгил териштирген соң, ырчы Алимбекова алдамчылыктын демилгечиси, уюштуруучусу болгон (!) деген тыянакка келди.
Гаухар Алимбекова азыр Казакстандагы гитара менен ырдаган эң популярдуу ырчы болуп эсептелет. 2016-жылы Астанада чоң концертин берген.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ