Menu

Бекболот Талгарбеков “бийликти күч менен басып алуу аракети” айыбы боюнча эч кандай күнөөсү жок деп табылып, толугу менен акталды

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-февралда КР Жогорку Соту 2017-жылы Атамбаевдик режим учурунда куугунтукталып,  кесилип кеткен саясый туткун, “Элдик парламенттин”  лидери Бекболот Талгарбековдун бир кылмыш ишин жабык эшик артында, аппеляциялык негизде карап, ал иш боюнча Талгарбековду толугу менен актады. Бул тууралу Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Талгарбековдун жактоочусу Тимур Жанаев билдирди.

“Жогорку сот иштин жагдайын тыкыр иликтеп, Бекболот Талгарбеков айыпталган КР Кылмыш-жаза кодексинин 295- бийликти күч менен басып алуу аракети беренеси боюнча эч кандай күнөөсү жок деп таап, толугу менен актады. Соттук жогорку инстанциянын бул чечими Кыргызстанда адилеттүү соттук системанын кайра келе баштаганынан кабар берет”, – дейт жактоочу.

6-февралдагы соттук процесс жабык эшик артында өткөндүктөн жактоочу кенен маалымат берүүдөн баш тартты. Ошондой эле жактоочу бул иш башынан эле Атамбаевдик режим тарабынан адам укуктарын одоно бузуп, мыйзамсыз түрдө жабык деп табылганын белгиледи.

“Элдик парламенттин” тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук калыбына келет жана укуктук мамлекетти бекемдөө процесси  артка кайткыс жолго түштү деп ишенишет.  Буга президент Жээнбековдун саясый эрки жетишеринен күмөн санашпайт.

“Биз эми Бекболот Талгарбеков жана анын соратниктери соттолгон экинчи кылмыш иши – аймак аралык жек көрүүнү козутуу беренеси боюнча актоо үчүн күрөшөбүз. Бул иш боюнча да аларды ишеним жаратпаган, шектүү  далилдер менен кесип жиберишкен”, – деп жыйынтыктады жактоочу Тимур Жанаев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: