Menu

Жанар Акаев, КЛДПнын теңтөрагасы: “Биз бийликти түзүүдө демократияны, башкарууда адилеттүүлүктү алып келебиз деген принципти карманып атабыз”

Бөлүшүү:

КЛДПнын теңтөрагасы Жанар Акаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына саясий партиянын идеологиясын айтып берди.

Төмөндө депутаттын постун эч өзгөрүүсүз тартуулайбыз.

Эмне үчүн либерал демократиялык партия?

Анткени биздин ураан «Экономикада либерализм, башкарууда – демократия!»

Кыргызстан – жер планетасын мындай коелу СНГ, Борбор Азия аймагында эле аянты, калкынын саны, табигый байлыктары жагынан ортодон ылдыйыраак чакан мамлекеттердин бири. Килейген Евразия континентинин так ортосунда, транспорттук тупикте жайгашкан, деңизден алыс, эл аралык транспорттук түйүндөргө эшиги жок өлкөлөрдүн бири. Табигый кен байлыктарыбызды айталы, биздин жер казынабызда көптөгөн кен байлыктарыбыз болгону менен алардын көлөмү аз. Аларды казып алуунун оордугун, транспорттук жактан тупикте жайгашканыбызды эске алсак, буга биздеги саясий туруктуулуктун жоктугун, өнүккөн коррупцияны, потенциалы төмөн бюрократиялык аппаратты кошсок, биз ири, олуттуу инвесторлор кызыгып, көз арта турган мамлекет эмеспиз. Ошондуктан дүйнөдөгү эң чоң компаниялар бүгүнкү күндө түштүк Азияда, Африкада иш кылып атышат, себеби алардын деңизге эшиги бар, же болбосо Монголияга, же биздин жаныбыздагы кошуна мамлекеттерге кызыгышат, анткени аларда бизге караганда жок дегенде саясий туруктуулук бар.

Демек, биздин мындан башка артыкчылыктуу жактарыбыз жокко эсе болгондуктан, биз үчүн бир гана жол бар деп эсептейбиз. Бул – экономикалык либерализм! Бизде аракетчил, жигердүү ишкерлер чындыгында көп, биз алар үчүн негизсиз текшерүүлөрдү жок кылып, бизнести коррупциядан, криминалдан сактап, саясий туруктуулукту жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздап, иш жүргүзүү үчүн ыңгайлүү, жеңил шарттарды түзүп берсек гана экономикабызды, жашоо деңгээлибизди көтөрө алабыз деген ишеничтебиз. Мына ушуну либералдык экономика деп коет.

Экономика менен саясат бири биринен түздөн түз көз каранды экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Саясий туруктуулук болмоюн экономика өнүкпөйт. А эмне үчүн саясатта стабилдүүлүк жок, анткени бизде адилеттүү башкарүү, элдик демократиянын өзү жок болуп атат. Ошондуктан биз бийликти түзүүдө демократияны, башкарууда адилеттүүлүктү алып келебиз деген принципти карманып атабыз. Кадр тандоодо «бул менин адамым эле, мен ушуга гана ишенем, себеби ушу менен кошо жеп жүргөм» деген критерий эмес кесипкөйлүк, тазалык, чынчылдык, идеялык пикирлеш деген сапаттарды алдыга коюп жатабыз. Азыртан ушундай адамдардан команда түзүүгө аракет кылып атабыз. Кудайга шүгүр элибизде мындай азаматтар көп, өлкөбүздүн булуң-бурчунан бизге келип кошулгандар күндөн күнгө көбөйүп атат.

Мындай идеология туура жана ийгиликтүү болорун тарых жана дүйнөлүк практика көрсөтүп атат. Алсак, Японияда либерал демократиялык партия 70 жылдан бери башкарып, бул өлкөну дүйнөдөгү эң өнүккөн 2-3 мамлекеттин катарына кошсо, биздин кошуна Өзбекстанда президенттин саясатын колдогон либерал демократиялык партия ушул жылдын январында өткөн шайлоодо 1-орунду алды. Эми бул өлкөдө акыркы 2-3 жылда эле кандай алгылыктуу жылыштар болуп атканын айтпасак да билесиздер.

Биз КЛДП дагы сөзсүз жеңишке жетишет жана Мекенибиздин реалдуу өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошот деген ишеничтебиз!

Белгилей кетсек, Кыргыз либерал-демократиялык партиянын (КЛДП) ачылыш аземи 2-февраль күнү болуп өткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: