Menu

Ооган бийлиги: жүздөгөн чет өлкөлүк жоочу Тажикстан менен чектеш райондорго кирди

Бөлүшүү:

Ооганстандын Бадахшан провинциясы

Ооганстандын Бадахшан провинциясынын бийлиги өлкөдөгү жүздөгөн чет өлкөлүк жоочу Тажикстан менен чектешкен райондорго киргенин ырастады.

Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Ахтармухаммад Хайрзоданын айтымында, бүгүнкү күндө аталган райондордо дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген дээрлик 450 жоочу бар. Алардын «Жамаат Ансоруллох», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы» жана «Кавказдын ислам имараты» аттуу топтор менен байланышы бар.

«Жоочулар Вардуж районуна көп жайгашты. Провинциядагы абалдын туруксуздугунан пайдаланып Моймай жана Нусай райондоруна да киришти. Албетте бул Тажикстандын тынчсыздануусун жаратууда», – деди Хайрзода.

Буга чейин тажик бийлиги Ооганстандын Тахор жана Бадахшан провинцияларындагы террордук топтордун катарында 100гө жакын тажикстандык бар экени аныкталганын билдирген.

Ооганстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, чет өлкөлүк жоочулар талибдер менен жанаша согушуп жүрүшөт. Бирок «Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Забехуллох Мужохид бул маалыматты четке кагып, алар чет өлкөлүк жоочулардын жардамына муктаж эмес экенин билдирди.

Быйыл февралда ок атууну токтотуу тууралуу АКШ менен «Талибандын» ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, талибдер башка террордук уюмдардын АКШ менен анын союздаштарынын Ооганстандагы кызыкчылыктарына зыян келтирүүсүнө жол бербөө милдеттенмесин алышкан. Эгер алар бул убадасын аткарса, Кошмо Штаттар өлкөдөгү куралдуу күчтөрүн кийинки жылдын биринчи жарымында чыгарып кетерин билдирген.

АКШнын азыркы өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-январына карата Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 4,5 миңден 2,5 миңге чейин кыскартылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: