Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында 4-5-февралда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Блу тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектейт.
Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар.
Вице-премьер-министр, ошондой эле кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ