2019-жылдын 9 айында кылмыштардын бирдиктүү реестринде 64 миң кылмыш катталган. Бул тууралуу 17-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бирдиктүү реестрде 120 миң каттоо жүрүп, 64 миң кылмыш болсо, 56 миңи кылмыш аракеттери болгон. Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, эң көбү милициянын мойнуна түшкөн – кылмыштын 109 миңи катталган. Анын 50%ы башкалаабызга, 22%ы Чүй облусуна, калган аймактарга 5% туш келет.
Эгерде кылмыш түрлөрү боюнча карасак, уурулук – 28 миң, 22%, андан кийин бейбаштык – 24 миң, 19%. Оор кылмыштарды алсак 150 киши өлтүрүү, 629 зордуктоо жана 197 тоноочулук болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ