Menu

Видео – Канат Исаевди мына ушул тасмадагы сөзү үчүн депутат Бакытбек Жетигенов катуу сабаган

Бөлүшүү:

“Алмаз Атамбаев “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди бошотуунун артында турат.. Керек болсо уюшкан кылмыштуу топторго дагы таасир эткенге аракет кылган. Мына, Эркин Мамбеталиевди, канчалаган жылга соттолгон адамды кайра алып келип, Жогорку соттун чечимине карабай абактан чыгарып, бийлетип, ал канчалаган хансарайларды, пансионаттарды курду. Андан башка Алмаз Бокушевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, СДПКнын тизмеси менен депутат кылды”, – деп билдирген 12-июнда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Канат Исаев экс-президент Алмаз Атамбаевди сындап.

Ошол эле күнү жыйындан кийин Канат Исаевдин кабинетине кирип барган СДПКчы депутат Бакыт Жетигенов “разборка” жасап, Канат Исаевди катуу сабап койгон.

Бакыт Жетигенов 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан ЖКга депутат болуп келгенде да ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген маалыматтарды бир нече ММКлар тараткан.

2015-жылы Алмаз Атамбаев аны өзүнө чакырып, КСДПнын тизмеси менен депутаттыкка өткөргөн.

КР Жогорку Кеңешинин бир нече депутаттарына кайрылып, бул фактыны комментарийлөөнү суранганыбызда “12-июндан бери, парламенттик жыйындан кийин Канат Исаевди өзүбүз да таппай жатабыз. Бир нече кагаздарга кол койдуралы деп кабинетине барсак жок, телефонуна чалсак албайт”, деп жооп беришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: