Menu

Эл аралык ЭКСПО‑2019 көргөзмөсүндө Кыргыз Улуттук павильону күмүш Кубок менен сыйланды

Бөлүшүү:

Кытайдын борбору Пекинде болуп өткөн ЭКСПО‑2019 Эл аралык бак өстүрүү көргөзмөсүнүн расмий сыйлык тапшыруу аземинде, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн 11 өкүлүнөн турган калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча, жана ЭКСПОнун уюштуруу комитетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук павильону атайын сыйлык — күмүш байге жана “Жигердүү катышуучу” сертификаты менен сыйланды. Сыйлык Кыргызстан Улуттук павильонунун директору Азат Эркебаевге тапшырылды.

“Негизи, Пекиндеги ЭКСПО‑2019, Кытайдын тарыхындагы болуп көрбөгөндөй эң масштабдуу окуя болду” — дейт А. Эркебаев. Көргөзмөгө 110 өлкө, эл аралык уюмдар жана ар кыл 120 мекеме катышты. 162 күндүн ичинде 100дөн ашык улуттун жүзүн көрсөткөн ар түрдүү маараке жана 3000 маданий иш чаралар өткөрүлдү. Мына ушул дүйнөлүк масштабды камтыган иш-чарада Кыргызстан да өзүнүн жүзүн татыктуу көрсөтө алды.

Пекиндеги ЭКСПО‑2019га катышууга кыргыз өкмөтүнүн чечими менен жооптуу болуп бекитилген Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги ири көргөзмөгө ата мекендик айыл чарба жана азык-түлүк азыктарын иштеп чыгарган ишканалардын өндүрүмдөрүнүн бай ассортиментин көп көлөмдө алып барып көрсөттү. Жалпысынан 14 түрдөн турган 700дөн ашык өндүрүм коюлду. 2019 жыл региондорду өнүктүрүү жылын эске алып, бул көргөзмөгө Кыргызстандын ар бир областынан иштелип чыккан өндүрүмдөр болду.

Азат мырза белгилегендей, 2019 жылы апрель айында ЭКСПО‑2019дагы Улуттук павильонго эң биринчилерден болуп Кыргыз Мамлекетинин Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү келип, расмий түрдө ачып берген. Мамлекеттин башчысы бул көргөзмөнүн Кыргызстанга керек экендигин, өзүбүздүн экологиялык жактан таза айыл-чарба өндүрүмдөрүн ушул платформа аркылуу Кытайдай болгон ири базарга жайылтууну белгилеген. Ушул максатта жана элибиздин каада-салттарын, маданий өзгөчөлүктөрүн, баалуулуктарын таанытуу учун август айында кыргыз павильону мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата Кыргызстан Улуттук күнүн шаңдуу өткөздүк. Бул чоң мааракеге Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Э. Чодуев келип катышып, ачып берди. Кыргызстан күмүш байге алган ушул ЭКСПО‑2019дун жабылыш аземинде өлкөбүздүн Биринчи вице-премьер министри К. Боронов баштаган өкмөттүк курам келгени да жакшы белги болду. Бул жерде Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министрлигин мурда жетектеп кеткен Н. Мурашевдин да эмгегин айтып коюш абзел.

Азат Эркебаевдин айтуусу боюнча, Кыргызстандын Кытайдын борбору Пекинде өткөн ЭКСПО‑2019 көргөзмөсүнө катышканы жакшы натыйжаларды берет деп ишенсек болот. Себеби көргөзмө өткөн 5 жарым айда миллиондогон кытай жана чет жердик көрүүчүлөр, туристтер Кыргызстанды тааный алышты, биздин иш-чаралар, кооз боз үйлөр, анын жабдыктары аркылуу бай маданий мурастарыбызды көрүштү, көптөгөн бизнес жаатындагы кардарлар, компаниялар Кыргызстандын айыл-чарба, азык-түлүк өндүрүмдөрүн Кытайга импортоо боюнча сунуштарын даярдап, четинен өлкөбүзгө келип, ата-мекендин ишканалары менен контрактарды түзүп жатышат. Демек Кыргыз павильонун уюштуруучулары көздөгөн максатына — мекенибиздин экономикасына, айрыкча айыл-чарбасынын өнүгүшүнө, экспортту кеңейтүүгө салым кошуп кетти десе болчудай.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: