Кыргызстанда коомчулукту өзүнүн автордук ырлары менен таң калтырган өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин таланты кызуу талкууга алынып жаткан чакта, интернет айдыңын “Фейсбук” колдонуучулардын биринин жарыялаган сүрөтү жарып ийди. Сүрөттө байыркы египеттик Сфинкстин эстелиги. Бирок, эмнегедир, Алмазбек Атамбаевге аябай окшоштурулуп жасалыптыр. Мифтик чыгармаларда жашаган Сфинкс Бишкектин “Аламүдүн” паркында орнотулган. Азыр ал скульптура көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда. Президент өзү буга не дейт, белгисиз…
Булак: “Майдан kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ