Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын 45 жаштагы жараны дайынсыз жоголгон. Бир нече күндөн кийин ал Ленинград облусунун Приозерск районунан табылган. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Россиянын ММКлары билдиргендей, М.Кубанычбек аттуу жаран 17-декабрда издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Ал эми 21-декабрь күнү жеке үйдүн жертөлөсүндө буту байланган жана башына мүшөк салынган кыргызстандыктын жансыз денеси табылган.
Полиция шектүүнү ошол эле күнү колго түшүргөн. Бул 52 жаштагы жергиликтүү тургун болуп чыкты. Атайылап өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ