Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Араван райондук ички иштер бөлумүнун кызматкерлери маңзат соодалап жүрүшкөн кылмыштуу топтун бетин ачышты.
Маалыматта таянсак, аталган райондун Сырт айылынын жашоочусу 1982-жылы туулган К.М., жана ошол эле айылдын жашоочусу 1995-жылы туулган А.Х. аттуу жарандар өздөрүнө таандык автоунаада маңзатты сатуу максатында алып бара жаткан жеринен кармалышты. Тинтүү жүргүзгөн маалда шектүүнүн жанынан 120 грамм маңзат табылып алынды. Бул фактынын негизинде атайын экспертиза текшерүүдөн кийин табылган маңзат марихуана экендиги тастыкталды.
– Тергөөнүн жүрүшүндө бул маңзатты кайдан алгандыгы аныкталып, аны таркаткан Араван районунун тургуну 1970-жылы туулган Н.Д. аттуу жаран экендиги биротоло тастыкталды. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Н.Д. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, мунун натыйжасында атайын катылган жайдан жалпы салмагы 874,65 грамм көлөмдөгү маңзат жана 1,2 грамм маңзаттын уругу атайын 1 литр жана 0,5 литр банкаларга салынган тейде табылды – дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.
Соңку сааттарда бул факты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып. Кылмыш-жаза Кодексинин 267-беренесинин жана 268-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүүлөр райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта тергөө амалдары кызыды.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ