Menu

КР Ички иштер министрлиги акыркы жылдарда уурулардын уясына айланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 26-мартта белгилүү болгондой, Бишкек шарынын Ленин, Свердлов, Биринчи май райондук милицияларынын кызматкерлери Кыргызстанда жүргөн чет элдик жарандарды текшерип, мыйзамды буздуңар деген айып менен алардан төлөтүп алган 1 миллион 40 миң сомду мамлекеттик бюджетке төкпөй, өз чөнтөктөрүнө уурдап салып алышкандары такталды.

Чет элдик жаран Кыргызстанда виза же катталуу эрежелерин бузса мамлекеттин казынасына 10 миң сом айып пул төлөөгө милдеттүү. Милиция кызматкерлери чет элдик жарандарга мына ушундай айып пулдарды салып, андан түшкөн акчаларды өз чөнтөктөрүнө салып жүрүшкөн.

Бул фактыларды Бишкек шаардык прокуратурасы ИИМдин ички иликтөө кызматынын катышуусу менен текшерип, ачышкан.

Ошондой эле Аламүдүн райондук прокуратурасы ИИМдин ички иликтөө кызматынын катышуусу менен Чүй облусунун Аламүдүн РИИБдин бөлүмдөрүнүн биринин жоопту кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкташкан. Аламүдүн РИИБдин ЭММКАКтын эки кызматкерине карата жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бюджетке 120 миң сом акча каражаты түшкөн эмес. Текшерүү көрсөткөндөй, чет өлкөлүк жарандар паспорттук-визалык режимди бузгандыгы үчүн аларга 12 протокол түзүлүп, бирок алар төлөгөн 120 миң сом айып пул бюджетке түшпөй, милиционерлердин чөнтөгүнө түшкөн.

Бул Кыргызстандагы 4 эле райондук милицияны текшерүүдө ушунча мыйзам бузуулар аныкталды. Эгер 70ке жакын милиция бөлүмдөрүн текшерип келсе Кыргыз мамлекетинин бюджетинен канчалаган миллиондор уурдалып жаткандыгы аныкталат эле.

Эсиңерде болсо, былтыр 2018-жылы Кыргызстанда 3 райондук МАИ бөлүмдөрүн текшере келгенде да МАИчилер айдоочуларга салган жүз миңдеген айыппулдарын бюджетке төкпөй өз чөнтөктөрүнө салып жүрүшкөндүгү аныкталган. Ал окуя ошол бойдон тынчып, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калды”.

Бул окуяларды карап олтуруп, үрөйүң учат. Мыйзамды сактайт деп бул тармак ишенип берилген укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү мыйзам бузуп, мамлекеттик бюджетке кол салып, уурдап жүрүшсө биздин мамлекет кайда баратат? Атамбаевдик режим талкалап кеткен мамлекеттик система качан калыбына келет?

Бир аз уяты бар өлкөлөрдө мындай кылмыш табылган министрликтердин жетекчилери эбак эле өз эрки менен отставкага кетишмек. Бизде бул уурулук кадимки көрүнүш катары кабыл алынууда. Алтургай министрликте чоң кызмат орундары кадимкидей сатылып калганы айтылып жатат.

Аргасыздан, 2016-жыл эске түшөт. Грузиянын ийгиликтүү реформаларын үйрөнөм деп атайын ал жакка сапар менен барган Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмаз Атамбаев Грузиянын милициясындагы реформаларды көрүп, жанында жүргөн КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге “карачы, булар милициясын кандай сонун реформалап, оңдоп алышкан, сага ишенип берсем реформа тургай колуңан пок да келбейт экен, азыр ушул жерден кеткиниң!” деп министрди Грузиядан сапары бүтө электе эле Кыргызстанга кууп жиберет. Анан сапары бүткөндө Грузиядан кайтып келери менен Атамбаев Жунушалиевди кызматтан кетирет. Андан бери канча убакыт өтүп, канча суулар акты бирок кыргыз милициясы реформаланмак тургай кайра тескерисинче артка кетти. Катардагы эле милиционерлер мамлекеттин казынасына кол сала баштады. ИИМ системасындагы кызматтар аукционго айланып, сатыла баштады. Элдин милицияга ишеними азайып, нааразычылыгы күчөдү. Деги кайда баратабыз?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: