Казакстан бийлиги АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгына жана анын кымбаттоосуна карата чара көрүүдө. Бул тууралуу Астана шаарынын акими Асет Исекешевге шилтеме кылып «Казинформ» агенттиги билдирди.
Калың жааган кардан улам акыркы үч күндөн бери Астанада температура кескин түшүп кетип, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге суроо-талап көбөйдү.
«Чынында эле убагынан эрте температуранын аномалдуу түрдө кескин төмөндөөсүнөн улам, күйүүчү майларды колдонуу көбөйүүдө. Учурда май куйуучу жайларга АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди жеткирүүнү колго алдык», -деп жазат Астананын акими өзүнүн Facebook баракчасына.
Аткаминер ошондой эле АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литринин баасы 130-135 теңгенин тегерегинде сакталып жатканын билдирди. Ал кырдаал «Казмунайгаз» компаниясынын жана Астана акимчилигинин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Бензин тартыштыгы жөнүндө Астана жашоочулары социалдык түйүндөрдө билдиришкен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ