Menu

Некролог – Көрүнүктүү өндүрүшчү, “Дастан” заводунун экс-директору Виктор Угаров 92 жашында дүйнө салды

Бөлүшүү:
2020-жылдын 3-июлунда 92 жаш курагында Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор куруу заводунун мурдагы директору, экономика илимдеринин кандидаты Угаров Виктор Иванович дүйнө салды.
Виктор Иванович Угаров – өлкөдөгү көрүнүктүү өндүрүшчү, азыркы «ТНК «Дастан» ААКнын түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салымын кошкон.
Виктор Иванович эмгек ишмердүүлүгүн 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу учурларында М.В.Фрунзе атындагы заводдо иштеп баштаган.
Согуштан кийинки жылдары Тула механикалык институтун ийгиликтүү аяктаган соң Виктор Иванович Казак ССРинин көмүр шахталарында бир нече жыл иштеген.
Виктор Иванович Угаров мекенине кайтып келген соң узак мезгил бою В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда эмгектенген.
Виктор Иванович 34 жашында кийин Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы прибор куруу заводу болуп түзүлгөн физикалык приборлор заводун жетектеген.
Анын жетекчилиги алдында физикалык приборлор заводу Кыргыз ССРинин жана СССРдин Кеме куруу өнөр жайы министрлигинин өнөр жай ишканаларынын арасында алдынкы орундарды ээлеп келген.
Виктор Иванович Угаровдун жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
А.Б.Баатырбеков, Д.А.Эсеналиев, У.З.Ормонов, А.Дж.Джумагулов, Э.К.Осмонбетов, М.А.Чолпонкулов, А.К.Кайыпов, Л.Б.Васильев, Т.О.Иманов  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: