Menu

Мураталы Тагаев, Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы: “Алдыда көп пландарыбыз бар”  

Бөлүшүү:

–Мураталы Абдыкарович, шаардык кеңешти курай албай араң аягына чыктыңыздар окшойт. Эми баары мыйзам чегинде кетип жатабы?

–Жалал-Абад шаарында саясий кырдаалга байланыштуу шаардык кеӊештин депутаттары өз ишмердүүлүгүнө ноябрь айынан толук киришти. Бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад шаардык кеӊеши 4 сессия өткөрүп, 25 ке жакын маселе каралды. Алгачкы сессияда Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасы шайланып, шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын курамдары аныкталган. Кийинки сессияда шаар мэринин шайлоосу дайындалып, мэрди шайлап алдык.

 –Бюджет бекитилдиби?

–Бир жыл бою кыргыз республикасынын бюджеттик кодекси менен иш жүргүзгөн аткаруу бийлиги сунуштаган шаардын бюджетин 2017-жылдын 4-декабрында кабыл алып берди. Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга шаардык бюджетинин кирешелер бөлүгү 382 940,5 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 70 672,0 миң сомду, республикалык бюджеттен келген каражат (трансферттер) 7163,5 миӊ сомду, чыгаша бөлүгү 382 940,5 миң сом, анын ичинен атайын төлөм боюнча чыгашалар 70 672,0 миң сомду түздү. 2017-жылы Жалал-Абад шаарынын көйгөйлүү маселеси болгон генералдык планын иштеп чыгууга 1000,0 миӊ сом Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу каралды. Азыркы күндө бул багытта иш жүрүп, Жалал-Абад шаарынын генералдык планын заманбап технология менен даярдатуу үчүн  Бишкек шаарындагы илимий изилдөө институту менен келишим түзүлүп жатат. Буюрса кийинки жылдары генералдык пландын калган акча каражатын карап берсек, шаарыбыз электрондук генералдык планы даяр болот. Кыскасы алдыда көп пландарыбыз бар. Анын баары элдин жардамы менен буйруса ишке ашырабыз.

 –Мугалимдердин айлык акысы, шарттары боюнча да атайын чечимдерди кабыл алып жатыпсыздар..

–Жалал-Абад шаарынын 2017-жылга карата мугалимдердин айлык акысынын аздыгы эске алып, ай сайын коммуналдык чыгымдарын төлөө үчүн жеӊилдик катары 500 сомдон, шаар боюнча орточо 1250 мугалим болсо, бир жылына 7497,8 миӊ сом төлөнүп берилет. Мугалимдер күнүнө карата мугалимдерге жана бала бакчалардын тарбиялоочуларына жылына бир жолу берилүүчү 2000 сомдон сыйлык каралган, шаар боюнча 1408 мугалим болсо, бир жылда алынуучу каражаттын суммасы 2815,1 миӊ сомду түзөт.

–Социалдык маселелер боюнча кандай иштер жасалып жатат?

–Социалдык тармакта азыркы учурда өтө көйгөйлүү маселелер көп. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттары бул көйгөйлөрдү ичинен билгендиктен, депутаттардын колдоосу менен мектептер жаӊы заманбап компьютерлер менен камсыздалды. Андан сырткары, карапайым элдин да жүгүн жеӊилдетүү максатында калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгында жакыр үй бүлө катары каттоодо турган үй бүлөлөргө кышкыга даярдык көрүү үчүн көмүр менен камсыздоо үчүн акча каражатын бөлүнүп берилди. Спутник аймактык башкаруусуна караштуу Дружба көчөсүнүн жарыктандыруусуна  жана жөө адамдар жүрүүчү жолду (тротуар) асфальттоого 1330,0 миӊ сом каралды.

 –Жалал-Абад шаарын жарыктандыруу, кеңейтүү көйгөйлөрү каралганбы?

–Күнүмдүк турмуш, технология жана техника өнүккөн учурда шаарыбыздын көчөлөрүн кеӊейтүү маселеси да курч болгондуктан, эӊ ири көчөлөрүнүн бири Пушкин көчөсүн кеӊейтүү үчүн 24503,7 миӊ сом акча каражаты, Чехов көчөсүнүн бир бөлүгүн  кеӊейтүү үчүн 6200,0 миӊ сом акча каражаты каралды.

 –Областтан чыккан спортчуларды сыйлоо, стимул берүү жагынан кандай иштер аткарылып жатат?

–Спорт тармагы да көз жаздымда калбастан, Жалал-Абад шаарынын, Кыргызстандын  намысын коргоп, желегин желбиретип, мамлекетибизди дүйнөгө тааныткан Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарынын жеӊүүчү спортсмендерине жана аларды таптап, жеӊишке жеткирген машыктыруучуларына 6140,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди.

–Кадыржан Батыровдун мүлктөрү боюнча ызы-чуулар басылдыбы же?

–2017-жылдын 21-декабрында болгон сессияда көп курч маселелер каралды. Алардын арасынан мурда Кадыржан Батыровго тийиштүү болгон мүлктөрдү «Элдик» мамлекеттик ишканасы пайдаланып жүргөн. Ошол мүлктөрдү муниципалдык баланска кабыл алууну баштап, бир бала бакча жана 30 сотых жер тилкеси кабыл алынды. Калган мүлктөрдү кабыл алуу  боюнча учурда иштер жүргүзүлүп жатат.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: