Menu

Эми аэропортторубуз да чет өлкөлүк ишкерлердин колуна өтөбү?

Бөлүшүү:

Борбордогу «Манас» эл арадык аэропорту баш болгон өлкөбүздөгү бир нече аэропортту белгисиз мөөнөттүк келишим менен түрк ишкерлерине таандык «TAV Airports Holding» компаниясына берүү маселеси көтөрүлүп, аэропорттор 250 миллион АКШ долларына баалаган каражатка жаңыланаары айтылды. Бул маселе өз учурунда социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Бирок, сырттан кирген ишкерлер акчасын өлкөбүздөгү 12 аэропортттун экөөсүнө гана коротоорун, тагыраагы Бишкектеги «Манас» аба майданы менен Ош аэропортуна гана сарптайт экен. Демек, тар кызыкчылыкты көздөгөн эргулдарга ири объектилерибизди берүүнүн зарылчылыгы барбы? Экинчиси, чоң киреше берип, жогорку деңгээлде иш алып барып жаткан майлуу тармакты бөтөндөргө карматуунун өзү туура болобу? Мунун артында кайсы бир көпөстүн жеке кызыкчылыгы жаткан жокпу? Буга чейин боло келген иштердей аягында барып аэропорттор жеке менчикке өтүп кетпейби? Айтор, ушул чоң көйгөй боюнча кеңири маалыматтарды ки­йинки сандарда кеңири сөз кылсак болчудай.

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: