Интернеттеги Fасеboок социалдык түйүнүндө кыргыз вертолётторун Угандага жөнөтүү тууралуу дагы бир документ жарыяланды.
Буга чейин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигине Сомалидеги Африкалык союздун миссиясына катышуу үчүн авиациялык техникаларды (Ми-24В эки вертолёту жана Ми-8МТВ эки вертолёту) багыттоо боюнча сунушту жактырууну сунуштаган Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы интернет булактарына жарыяланган.
Кийинки табылган Сапар Исаков кол койгон документте (ал убакта С.Исаков мамлекет башчысынын аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген) «Демилге КР улуттук кызыкчылыгына туура келет» деп жазылган.
Катта С.Исаков түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен баардык жаралган суроолорду мыйзам тартибинде жок кылып жана мамлекет башчысынын жарлыгын аткаруу боюнча ишти ыкчам уюштурууну суранган.
Бул тапшырма Башкы штабга жана коргоо министрлигине берилген. Документке 2015-жылдын 10-августунда кол коюлган.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ