28-июнда саат 11:00дө Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында Россиянын “Наука” басмаканасынан басылып чыккан “Кыргызы” томдугунун презентациясы болот. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Китеп УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту менен Россия илимдер академиясынын Этнология жана антропология институтунун биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болуп саналат. Томдукту жазууга 50дөй окумуштуу катышып, долбоор Россиялык гуманитардык илимий фонддун колдоосу менен “Народы и культуры” сериясынын алкагында ишке ашырылган.
Презентацияда иллюстративдик материалдар менен камсыздоо боюнча КРнын Кинофонофотодокументтер борбордук мамлекеттик архивинин, өлкөнүн алдыңкы музейлеринин Тарых жана маданий мурастар институту менен кызматташуусунун тажрыйбасы тууралуу айтылат.
Жарык көргөн эмгекте заманбап илимий позиция менен кыргыздардын этникалык тарыхынын жана этносоциалдык өнүгүүсүнүн маселелери ачыкталып берилген. Анда үй бүлөлүк салт-санаа, жөрөлгөлөр менен календардык цикл, салттуу билимдер, чыгармачылыктар менен диний ишенимдер, ошондой эле жаңы мезгилдин этно маданий жана социалдык-саясий процесстери чагылдырылган. Китеп этнографиялык жана социологиялык талаа материалдарынын жаңы маалыматтарын, белгисиз болгон жазма булактарды, архивдик жана фото документтерди, тарыхый артефактыларды колдонуу менен жазылган.
Презентацияга гуманитардык багыттагы ар кыл илимий жана билим берүүчү мекемелердин өкүлдөрү, КР УИАнын академиктери, томдуктун авторлору, демөөрчү жана өкмөттүк эмес уюмдар катышат. Китеп республикалык жана облустук китепканаларга, өнөктөш уюмдарга, автордук коллективге таркатылат. Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын өкүлүнүн, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын, коомдук ишмерлердин катышуусу күтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ