Menu

Ырысбек Өмүрзаков, “Трибуна” гезитинин редактору: “Келе жаткан шайлоодо парламентке азыркылардан да “көп-көк”, чимкирсең да, жерге түшпөгөн “чимкириктер” келет”

Бөлүшүү:

-Ырысбек байке, парламенттик башкаруу эле дейбиз. Партиялык тизме менен депутаттарды шайлоодо капчыгына маани берип жатабызбы же лидеринеби?

-Ачыгын айтсам, парламенттик башкаруу деген Кыргызстан үчүн бир чоң саясий алдамчылык (афера). Партиялык тизме – партиялардын лидерлери үчүн “шабашка” кылууга чоң мүмкүнчүлүк берген жол десек болот. Парламентке партиялык тизме менен шайлоо өткөзүү – бу мыйзамдаштырылган коррупция, көз бойомочулук. Бири талапкерлерден пара алат, пара берип, мандат сатып алгандар, мамлекеттин чөнтөгүнө кир колдорун салышат, тендерлерди сатышат, бирөөлөрдүн кызыкчылыгына мыйзамдарды өткөрөт. Ошондон паракорчулук, алдамчылык, мыйзамсыз баюу азыркыдан да дүнгүрөйт. Ага күбө болдук да, дагы эле болобуз. Эл аны билип турса да, акчалуу партиялардын лидерлеринин сөзүн сүйлөп коюшат да, добуштарын сатып, же шайлоого барбай коюшат. Шайлоого барбай коюу, бийликтин, коррупционерлердин, партиялардын лидерлеринин “тегирменине суу куйгандай” болот. Жасалма добуш жасаганга кеңири жол ачылат…

-Кыргызстанда парламенттик башкаруу деп кимди алдап жатабыз? Президент эле башкарып жатат го?

-Депутаттар “чимкирик” деп, “элита койлор” деп аталып калышты. Ал эң эле чоң “жетишкендик”. Иштери бааланды да, кысталак… Башка жетишкедиктерин айта албайм. Адамга эмес, партияга добуш берип, жыйынтыгында эл күтпөгөн адамдар депутат болуп калып, анан “кой”, “чимкирик” деп аталып калып жатышпайбы? Парламенттик шайлоо жакындап келе жатат. Элдин маселесин биринчи орунга коё турган депутаттар кийинки чакырылышта да парламентке келишпейт. Оппозицияң да, пропозицияларың деле, баягы эле “калың бет”, калың капчыктар…

Биз качан гана кимди шайлап жатканыбызды билип, ал шайланган депутаттарыбызды кайра чакырып алууга жетишсек, ошондо гана парламентаризмге өтүү эмес, парламентризм тууралуу ойлонгонго укуктуу болобуз. Ага жетиш үчүн бир мандаттуу шайлоо өтүшүбүз керек. Эми партияларга да 30 процент мандаттарды берсе болот. Андан ашырбаш керек. Мен ойлойм, келе жаткан шайлоодо, парламентке азыркылардан да “көп-көк, коп-кою”, чимкирсең да, жерге түшпөгөн “чимкириктер” келет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: