Menu

Мекениңди карегиңдей сактачы, каралдым!..

Бөлүшүү:

Ыраматылык Союздун соңку жылдарында Кыргызстандын медицина тармагы өзүнүн эң бийик гүлдөп-өскөн дооруна чейин жетип, ал тургай Кыргыз мамлекеттик медициналык институту союз боюнча экинчи орунда турган, эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп келгендиги маалым. Тереңирээк ой жүгүртүп көргөн адамга — ​бул анча таң каларлык деле кубулуш эмес. Тескерисинче, кандайдыр бир деңгээлде алганда, күтүлгөн жана мыйзамченемдүү эле турмуш агымы, ырааттуу илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы болчу.

Анткени, совет өкмөтү тарабынан элдин ден соолугуна көрүлгөн камкордук эң жогорку маанидеги маселелердин бири болуп, бул тармакка эбегейсиз чоң финансылык каражаттар бөлүнүп, келечек кадрларын даярдоого андан дагы ашкан көңүл бөлүнүп, бул иштер тынымсыз жана ырааттуу мүнөзгө өтүп калган. Анан дагы, “жаман айтпай — ​жакшы жок” демекчи, согуштук оор жылдарда СССРдин илимий борбору болгон Москва, Ленинград сыяктуу ири шаарлардан жүздөгөн ири окумуштуулар, чыгаан адистер эвакуацияланып келишип, өз ишмердиктерин улантышкан… Кыскасы, кыргыздын улуттук медицинасынын андан ары кеңири кулач жайып, өрчүп-өсүшүнө ар тараптуу шарттар түзүлүп, ыңгайлуу жагдайлар жаралган.

Башкача айтканда, азыркы кезде биздин жалпы улуттук сыймыгыбызга айланышкан атактуу хирург Иса Коноевич Ахунбаев, Мирсаид Миррахимов, Арстанбек Алтымышев, Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Дүйшөн Кудаяров сыяктуу ж. б. көптөгөн дүйнөгө таанылган окумуштуу-дарыгерлерибиздин жаралышы — ​кандайдыр бир деңгээлде ошол мол түшүмдүү кыртыштан өнүп чыгышкан залкар инсандар экендиги талашсыз факт.

…Ал эми эгемендик доорундагы баары кыйсыпыр түшүп калган, башаламандыктар башталган учуру бул тармакты дагы өтө оор жоготууларга туш кылып, оор сыноолорго салгандыгын ар бир Кыргызстандык жаран бул сөздүн түз маанисинде да, өтмө маанисинде да, өз жон-териси менен сезе баштабадыбы!?

Жогоруда айтылгандай, байтүптүү байтерек дарактай, бутактанып, улам дүркүрөп өскөн тармактын бекем пайдубалын түптөшкөн залкар окумуштуулардын айрымдарынын көзү өтүп кетти. Көптөгөн өз мектептерин жана шакирттерин жаратышкан атактуу окумуштуулар Израильге, АКШга, Европага, Прибалтикага карай токтоосуз агылып жөнөшүп, же бери эле болгондо — ​Москва, Санкт-Петербургга кайра көчүп кетишти…

Ошентип, башка бардык тармактардай эле, кыргыз медицина тармагы, медицина илими да алеки заматта жетимсирей түшүп, али бутуна толук тура элек кезинде, башына бардык балээлер үйүлгөн кризиске кабылгандай болду…

Албетте, мындай жаңыча түзүлгөн коомдук-саясий шарттарда, биз эң биринчи иретте, биз өзүбүздүн улуттук кадрдык потенциалыбызга гана таяна алмакпыз. Жана да жеке өз күчүбүз менен гана ошол туюкка каптаган кыйынчылыктардан чыга алмакпыз…

Жалпы эл социалдык саясаттын алсыздыгы турмак, такыр эле жок болуп бара жаткандыгынан улам, ден-соолугуна карамак турсун, күнүмдүк көйгөйлөрүн чече албай, карайлай баштаган заманда ошол мурдагы жетишилген ийгиликтерди биротоло жок кылып салууга жеткирбей, потенциалдык мүмкүнчүлүктөрдүн негиздерин сактап калуу аябай маанилүү болчу. Ал үчүн — ​алысты көрө билген, ушул убактылуу кыйынчылыктардан кантип чыгуу керектигин жана андан аркы өрчүп-өнүгүп кетүү жолдорун таба билген, жаңыча ой жүгүртүү менен бирге, заман нугуна ылайыктуу, адекваттуу иш-чараларды жасай алган ишкер-адистер, талантуу жетекчилер зарыл эле!..

Кудайга шүгүр, кыргыз элибиздин уучу куру эмес экен!..

Муну өз көздөрү менен (сөздүн түз маанисинде да, өтмө маанисинде да!) көрүшкөн көптөгөн жарандарыбыз күн сайын Кудайга миң мертебе ыраазы болушуп, азыркы кезде ошол үзүлө турган болуп, такыр жоголуп бара жаткан жолду татыктуу улантып кете алышкан — ​“Дордой-офтальмик” Көз микрохирургиясы боюнча медициналык борбордун генералдык директору Асизбек Эшмамбетов жана — ​доцент, офтальмолог-хирург, Ботбаев Алмазбек Аскеровичке чексиз ыраазычылыктарын билдирип келе жатышат.

Аталган көз микрохирургия борбору түзүлгөндөн бери салыштырмалуу алганда анча көп убакыт өтө элек болсо да, миңдеген жарандарыбыздын ажаатын ачып, түрдүү көз оорулардан айыктырып, же биротоло көрбөй калгандарга көрүү бактысын кайрадан тартуулап, элибиздин жана жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнө эбегейсиз орчундуу салым кошуп келе жатат.

Мындан мурда (тээ союздун соңку доорлорунан аштап эле) көз оорунун олуттуу түрүнө кабылышкандар Москвага, Ленинград жана башка өнүккөн көз микрохирургия борборлоруна кайрылып келишсе, союз кулагандан кийин алыскы чет өлкөлөргө чейин даба издеп бара башташканы белгилүү. Албетте, андай мүмкүнчүлүккө жупуну жашаган карапайым элдин арасынан сейрек учурагандары гана ээ болуп келишкен.

Эми болсо “Дордой-офтальмик” сыяктуу медициналык борборлор ачылып, элибизде тандап алуу мүмкүнчүлүгү пайда боло баштады. Каржылык жактан гана эмес, дарыгерлердин да өзү жактырып тандап алып, үмүт кылып, шыпаа издегендерине бара башташты. Ошондой чыгаан көз доктурларыбыздын бири — ​Ботбаев Алмаз Аскерович экендиги талашсыз чындык. Ал бул тармактагы таанымал флагмандар катары эсептелип келген алыскы алдыңкы чет өлкөлүк медициналык борборлордон тажрыйба топтоп иштеп келген. Мыкты адис, келечектүү окумуштуу катары чет өлкөдө калып калуу мүмкүнчүлүгү деле жетиштүү болчу. А бирок, өз мекенине, өз элине жардам берүү каалоосу ушунчалык күчтүү болгондуктан улам гана, Кыргызстанга кайра кайрылып келип, бул тармактагы ишмердигин уланткан.

Азыркы кезде Алмаз Ботбаев талбай изденгич, мээнеткеч окумуштуу экенин далилдеп, жасалма көз-каректи (хрусталиктердин түрлөрүн) андан ары өрчүтүп-өнүктүрүү багытында жана операция учурунда колдонуу боюнча өтө кылдаттыкты талап кылган атайын медициналык жабдыктарды жасоо боюнча бир нече ачылыштарды жасап, өзүнчө патенттерди алууга жетишкен. Башкача айтканда, азыр кыргыз окумуштуусунун ачылыштары жана жаңылыктары менен — ​дүйнө окумуштуулары пайдаланышып жаткан чак!

Азыр Алмазбек Ботбаев ушундай чоң деңгээлдеги дарыгерлик чекке жетсе дагы, али жаш жана өтө перспективалуу куракта. Баралына жеткенде, жаш курагы, иш-тажрыйбасы жана илимий-адистик максат-мүдөөлөрү толук орундала баштаганда, ал атактуу орус офтальмологу — ​Святослав Федоровдон ашса ашып, а бирок, эч кем калбаган чебер көз доктуру деңгелине чыгары эч күмөн туудурбайт. Мындай алкоо сөздөрдү анын колунан дарыланып чыгышкан көптөгөн пациенттеринин жеке ыраазычылыктарынан, айтышкан каалоо-тилектеринен көп угууга болот.

Демек, ошол миңдеген жарандарыбыздын атынан биз дагы Асизбек Эшмамбетовго — ​“Дордой-офтальмик” Көз микрохирургиясы боюнча медициналык борбордун генералдык директоруна, жана Ботбаев Алмазбек Аскеровичке — ​доцент, офтальмолог-хирург, — ​ыраазычылык билдирип, алардын мындан аркы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: