Бүгүн, 9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Баткен облусунда жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. 9-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусу:
түнкүсүн -6…-11
күндүз 0…-5
Талас облусу
түнкүсү: -6…-11
күндүз: 0…-5
Баткен облусу
түнкүсүн: -3…-8
күндүз: +1…+6
Ош, Жалал-Абад облусу:
түнкүсүн -3…-8
күндүз +1…+6
Ысык-Көл облусу:
түнкүсүн: -8…-13
күндүз: -4…+1
Нарын облусу:
түнкүсүн: -19…-24
күндүз: -10…-15
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 9-январда Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ