Menu

Чүй ОИИББы Сокулук РИИБдүн тергөөчүлөрүнүн жетекчисине нааразы болушу жана башка жакка которушу боюнча билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы милициянын капитаны Нурдан Орунтаевге нааразычылыктарын билдиришип, тергөө кызматынын кызматкерлери Сокулук РИИБдин жетекчисине билдирме менен кайрылышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул билдирүү боюнча Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматы жана ИИМдин Чүй облусу боюнча ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында тергөө кызматкерлерин жана тергөө кызматынын башчысынын орун басарын ротациялоо боюнча чечим кабыл алынган. Сокулук РИИБдүн тергөө кызматынын башчысы Н.Орунтаев тарабынан тергөө кызматкерлерине жер тилкелерине байланышкан иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерди тиешелүү деңгээлде ар тараптуу жана адилет жүргүзүү үчүн катуу талаптар коюлган.

Дагы бир көңүл буруучу жагдай, көпчүлүк тергөө кызматкерлери Сокулук РИИБдө көп жылдан бери иштеп келгендиктен, жарандар тарабынан буга чейин тергөө кызматкерлеринин жүргүзгөн иштерине жана чечимдерине бир нече даттануулар айтылып келген.

Ал эми Сокулук РИИБнүн тергөө кызматынын башчысы милициянын капитаны Нурдан Орунтаев 2019-жылдын июль айынан бери жогорудагы кызматта иштеп келүүдө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин сот-укуктук реформасын жүргүзүүнүн алкагында тергөө кызматына жана алгачкы текшерүү органдарына кошумча кызматтык орундар берилип, учурда бош орундарга кызматкерлер кабыл алынууда.

Белгилеп коюу үчүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү жобонун №9-главанын 41-пунктуна ылайык, Ротация (кызмат боюнча которуу) эреже катары ээлеген кызмат ордунда 5 же андан ашык жыл иштеген кызматкер ротацияланат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери кызматтын кызыкчылыктарында башка жердеги кызматка, орган же бөлүктөргө, же болбосо ошондой эле кызматка же тең кызмат ордуна ротациянын мөөнөтүнө чейин эле которулушу мүмкүн, эгерде жагдай чара көрүүнү талап кылса, мындай учурда кызматкердин макулдугу талап кылынбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: