Menu

Суракматов суналып жатып, “порно” көрүп, “кайф” кармагысы келгенби?

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясынын шаар четине ачкан “Ынтымак” паркы жалпы шаардыктарга жагып, ыраазы кылып, кубантып жатты эле. Бирок ал кубанычты ал паркта ачык көрсөтүлгөн “порно” фильм маселеси жууп кеткендей болуп турат. Чынында бул паркты салууга, анын долбоорун бекитүү, канча машина, канча орундук, кандай автокинотеатр орнотуу, айтор майда-чүйдө маселесине чейин мэр катары Суракматов түздөн-түз катышты. Анан парк курулуп бүткөндө кандай тартипте иштерин да иштеп чыгышкан да. Ошондо ою бузулган оңбогурлар автокинотеатр катары ижарага берилген жерде шаардыктарга “порно” кино көрсөтүүнү да көмүскө пландашканбы деген ой кетет экен. Мэрия ал жерди автокинотеатрга эмес, унаа токтотуу жайын уюштуруу үчүн Т. А. Аттуу жаранга ижарага берилгенин айтып безилдеп, “порно” кинонун 1-сериясы көрсөтүлүп кеткен күндүн эртеси автокинотеатр катары колдонулган ал чоң жарнак тактайчасын алдырып, алып салдык деп актанды. Айып салганы курусун, ошол дырдай жылаңач чечинип алып, кыңшылашкан ачык кинону ал жерде эс алып жүргөн кары-жашы, бала-бакыра бүт көрүп, Суракматовду бир сөгүп алышты. Же ансыз деле сындан башы чыкпаган Суракматов ал паркка анда-санда барып, порно кино көрүп, жумуштан кийин чарчаганын жазып, эс алгысы келгенби? Деги мэриянын ичинде “порно” көрсөткөн кинотеатр жокпу, ыя Азис мырза?!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: