Кечээ, 20-сентябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө Казакстандын борбору Нур-Султанда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттешүүлөр башталып, Кыргыз спортунун сыймыгы, 2017-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Айсулуу Тыныбекова саат 18.30да финалда 2018- жылы Будапеште дүйнө чемпиону болгон, дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш жана коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү , 28 жаштагы болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен алтын медаль үчүн күч сынашып, аны 5:3 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону аталып, кыргыздын намысын бийик көтөрүп, алтын медалдын ээси болду. Ошентип болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин былтыркы дүйнө чемпиону деген наамын Айсулууга алдырып койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ