Тажикстанда ичүүчү суунун сапаты өтө төмөн жана анын курамында көптөгөн бактерия түрлөрү бар. Бул тууралуу өлкөнүн калкты суу менен камсыз кылуу жана санитария тармактарынын абалына иликтөө жүргүзгөн Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасында айтылат.
Маалыматка караганда, бул көйгөйдү чечүү үчүн Тажикстанга 2 млрд доллар талап кылынат.
20-сентябрда Душанбеде тааныштырылган иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, өлкө калкынын 58% коопсуз сууга жетүү мүмкүндүгүнө ээ. Бул көрсөткүч шаарда 80%, айылдарда 47% түзөт.
«Тажикстандагы ичүүчү суунун курамында бактериялар өтө көп жана даамынын жагымдуулугу да төмөн», – деп белгилешти Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү.
Тажикстан эгемендүүлүк алгандан бери таза суу маселеси актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Өлкөнүн демилгеси менен БУУ 2005-2015-жылдарды, эми азыр 2018-2028-жылдарды Суунун эл аралык он жылдыгы деп жарыялады. 90-жылдардан бери өлкөдөгү таза суу көйгөйүн чечүүгө эл аралык өнөктөштөр Тажикстанга жүздөгөн миллион доллар бөлүштү. Ал каражаттар суу түтүктөрүн коюуга жана суу менен камсыз кылуу системаларын оңдоого багытталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ