Бүгүн, 9-март күнү Япониядагы круиздик лайнердеги кыргызстандык жаран Бишкекке келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал келер менен обсервациялоо жайына жайгаштырылган. Анын абалы туруктуу. Кыргызстандык жарандан коронавируска анализ алынган. 2-марттан бери Саламаттыктык сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган алгоритмге ылайык, коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген адамдар убактылуу 14 күндүк карантинге алынат.
Белгилей кетсек, 26-февралда Япониядагы “Diamond Princess” круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганы маалым болгон. Ал ошол күндөн тарта ооруканага жаткырылган. Андан бир нече ирет коронавируска анализ алынып, жыйынтыгында оору аныкталган эмес.
1-март күнү коронавируска чалдыккан кыргызстандык жаран ооруканадан чыгып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылган. Ооруканадан ага дарыланып чыккандыгы тууралуу медициналык сертификат берилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ