Menu

Баян Жумагулова, журналист: “Адистердин айтуусунда гейлердин 90% эч кандай оорулуу эмес, алар аялдар менен жыныстык катнаштан жадап, эми эркектерге кызыккандар”

Бөлүшүү:

Кечээ бир доктур менен сүйлөштүм, гейлерди изилдеген экен. Ошол айтты, гейлердин 90% ашыгы эч кандай оорулуу эмес. Алар тек аял менен жыныстык катнашка кекиртектен тойуп, эркектер менен катнаштан жыргал издеп, эсиргендер, дейт. Көпчүлүгүнүн жашы 40тын ары берисинде, аялдары, балдары бар немелер. Ышкысын кандыруунун жаңы жолун издеп, өспүрүм же бойго жеткен балдарды азгырат, дейт… ал эми лесбилер жөнүндө жазылгандан деле тубаса лесбилер абдан аз экенин аңдаса болот. Бирок аялдар ышкысын кандыруу үчүн эмес, көбүнчө бири-бирин, түшүнүшүп, урушпай-талашпай, тынч жашоону издешет экен. Теледен берилген интервьюлардын көбүндө да лесби аялдар дал ушул себепти айтышат. Алардын көбү да турмушка чыккан, балдары бар, тек эркектен көңүлү калган, же эркек менен такыр тил табыша албай койгон немелер. Албетте бул алардын жеке турмушу, жеке чечими кандай жашайм десе.

Бул көрүнүштүн эң терс жагы: лесбиси да, геи да балдарыбыз менен кыздарыбызды бузуп, үй бүлө күттүрбөй, балалуу болтурбай койушу мүмкүн. Өзүлөрү өз ара кандай кааласа ошондой жашасын. Бирок балдар, кыздарыбызды бузуп, табийгат мыйзамына туура келбеген, жосунсуз жашоого кынык алдырганы – абдан коркунучтуу!

Баян Жумагулова, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: