Казакстандын Жамбыл облусунда коронавируска чалдыккан дагы бир кыргызстандык жаран аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, коронавирус аныкталган кыргызстандык Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну.
“Ал жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштейт, ал Алматы шаарына жүктү жүктөп келүү үчүн кыргыз-кытай чек арасына барган. Чек арадагы медициналык текшерүү учурунда ал жарандан коронавирус табылган. Ал атайын унаа менен Бишкекке жеткирилген” – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Казакстанда кыргызстандык жарандан коронавирус биринчи жолу табылып жаткан жок. Буга чейин, 5-апрелде Казакстандын түштүгүндө төрт айдоочу ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө Жамбыл облусунда, бирөө Алматы шаарында катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ