Menu

Душанбеде милиция “кыйноосунан” көз жумган автомеханниктин өлүмү иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Душанбе шаарындагы Сино-2 милиция бөлүмүндө каза тапкан Абдурасул Назаровдун туугандары Тажикстан Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышууда.

Душанбе шаарынын прокуратурасы марттын соңунда Сино-2 милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин мерт болгон Абдурасул Назаровдун өлүмү боюнча текшерүү иштерин баштады.

«Абдурасул Назаровдун өлүмү боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек. Учурда тергөөчүлөр милиция кызматкерлерин, дарыгерлерди жана анын туугандарын суракка алууда. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо тууралуу чечим алдын ала текшерүүдөн кийин кабыл алынат», – деди өз булак.

Тергөө органдарындагы булак маалымдагандай, Абдурасул Назаров 28-мартта Душанбе шаарындагы Сино-2 милиция бөлүмүнүн эки кызматкери тарабынан кармалган. Кийинчерээк анын көгала болгон денеси Улуттук медицина борборунун дарыгерлери тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген. Медициналык мекеме милиционерлер Назаровду клиникалык өлүмдүн белгилери менен 28-март күнү кечинде алып келишкенин билдирген.

​ Абдурасул Назаров туугандарынын биринен бир нече грамм маңзат табылгандан кийин кармалган. «Тууганы маңзат Абдурасулга таандык экенин айткан. Милиция кызматкерлери аны Сино-2 тергөө бөлүмүнө алып келишкен. Бетме-бет көрүшүү учурунда Назаровдун тууганы мурда берген көрсөтмөсүн кайталаган. Андан кийин Абдурасул Назаровдун жүрөгү кармап калган», – деди өз булак.

Маркумдун жубайы Садбарг Бобохонова бул версияны четке кагып, күйөөсү мурда-кийин оорубаганын айтты. Назаровдун туугандары анын өлүмүнүн себептерин дыкат иликтөөнү жана “кыйноо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: