Menu

31-мартта, КСДПнын съездинде, Атамбаевди кайтарып жүргөн Жээнбековдун жан сакчысы Дамир Мусакеев кызматынан бошотулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-апрелдин кечинен бери КР УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчиси, КР Кайтаруу кызматынын начальниги Дамир Мусакеев кызматынан бошотулганы боюнча маалымат тараган. Биз ал маалыматты эми гана тактап, ал маалымат чын экендигин биздин булактар аркылуу тактадык.

Дамир Мусакеев ММКлардын маалыматы боюнча алгач Рыспек Акматбаевдин жан сакчысы, андан кийин Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүрүп, Атамбаев тарабынан жогоруда аталган мамлекеттик кызматтарга дайындалган.

2017-жылдын 25-октябрынан тартып, жаңы президент Сооронбай Жээнбековду кайтарган КР Кайтаруу кызматынын жетекчиси болуп кала берген. Ал эми быйыл 31-мартта “Орион” мейманканасында өткөн КСДПнын 17-съезди учурунда экс-президент Алмаз Атамбаевди кайтарып жүргөнү байкалган. Биз бул тууралу 2-апрелде төмөнкү макаланы жарыялаганбыз:

https://kyrgyztoday.org/news_ky/foto-kechee-prezident-sooronbaj-zheenbekovdun-n1-zhan-sakchysy-damir-musakeev-eks-prezident-atambaevdi-kajtaryp-zhurdu/Фото – Кечээ президент Сооронбай Жээнбековдун N1-жан сакчысы Дамир Мусакеев экс-президент Атамбаевди кайтарып жүрдү

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: