“Бардык филиалдары мурункудай эле иштеп жатат”, – деп банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Азамат Жоробеков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, соттун чечими менен банктын 16 объектиси камакка алынды деген сөз тарап кеткен. Чындыгында, ал имараттар “Азия Истейт” ЖЧКсына тиешелүү экен, банк аларды ижарага гана алат.
“Банктын өлкө боюнча 100 объектиси бар, аларда филиалдар менен кассалары жайгашкан. 16 имаратты гана “Азия Истейт” ЖЧКсынан ижарага алабыз, сот тарабынан мына дал ошол объектилер камакка алынган”, – дейт А.Жоробеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ