Орусия өкмөтү Түштүк Осетиянын куралдуу күчтөрүнүн айрым бөлүктөрүн орус армиясынын катарына кошуу боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Жакынкы күндөрү президент Владимир Путин документке кол коёт.
Документке ылайык, бул бөлүктөрдө Түштүк Осетиянын аймагында туруктуу жашаган, орус паспортторуна ээ жарандар кызмат өтөйт. Ошол эле маалда аскердик каттоого алар Түндүк Осетиянын аскер комиссариаттарында турушат.
Орусия Коргоо министрлиги Түштүк Осетия үчүн өзүнүн орто жана жогорку аскер окуу жайларында кадрларды даярдап берет.
Буга чейин орус өкмөтү ушундай эле келишимди Абхазия менен түзүүнү колдоп, документти Мамдумага сунуштаган.
Түштүк Осетия менен Абхазия Грузиядан бөлүнүп, көз каранды эместигин жарыялаган.
Грузия Түштүк Осетия менен Абхазияны жикчил аймагы катары санаса, Орусия аларды көз карандысыз өлкө деп тааныган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ