Menu

Forbes Kazakhstan менен Ratel.kz редакциясынын журналисттери бошотулду

Бөлүшүү:

2-апрелде кармалган Forbes Kazakhstan журналы менен Ratel.kz сайтынын журналисттери редакцияда тинтүү аяктагандан кийин бошотулду.

Ratel.kz сайтынын журналисти Вадим Борейко маалымдагандай, Ички иштер департаментинде сурак бергенден кийин сайттын редактору Марат Асипов, орун басары Сапа Мекебаев жана баяндамачы Анна Калашникова бошотулду. Ага чейин Forbes Kazakhstan журналынын редакторунун орун басары Александр Воротилов дагы бошотулган.

Алматы полициясы кабарлагандай, эки маалымат каражатынын кызматкерлери “билип туруп жалган маалымат таратып жүрөт” деген жарандын арызынын негизинде кармалышкан. Казак медиасынын маалыматы боюнча арызданган жаран – мурдагы каржы министри, бизнесмен Зейнулла Какимжанов. Какимжанов былтыр аталган басылмаларды сотко берип утуп алган жана 50 миллион теңге өндүрүп алуу боюнча берген доосу канааттандырылган. Аткаминерди коррупциялык схемалар менен байланышта деп божомолдошкон журналисттер соттун чечимине макул болушкан эмес.

Forbes Kazakhstan редакциясында тинтүү жүргөндөн кийин тергөөчүлөр Воротиловдун иш компьютерин алып коюшкан. Ratel.kz сайтындагы компьютерлер жана документтер дагы полициянын колуна өткөн.

Зейнулла Какимжанов Фейсбукка макалалар аны каралоо максатында жарыяланганын, күнөөсү жок экенин жазган. Ал көпкө ойлонуп, ММК өкүлдөрүнө каршы арызданууга бел байлаганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: