Кызыгың түшкүр, Украинанын президентинин сайтында “президент Петр Порошенко менен Кыргызстандын президентинин эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу боюнча сүйлөшүштү” деген маалымат жарыяланып, бирок Кыргызстандын Президенттик аппараты мындай сүйлөшүү болбогонун билдирди. Азыр биздин президенттин атын ким сатып тамашага салган деген суроонун үстүнөн ТИМ, УКМК чуркап иштеп жаткан чагы. Ал арада бул оюнда атайылап үчүнчү өлкөнүн атайын кызматтары уюштурушу мүмкүн деген сөздөр жүрүүдө. Бирок баарынан таң калычтуусу адатта мындай телефондук сүйлөшүүлөр алдын ала белгиленип, тиешелүү кагаздар алмашылып, эки президенттин аппараты өз ара келишимге келген соң протоколдук негизде орун алыш керек эле. “Алло, Петр Алексеевич, это я Алмаз, Президент Кыргызстана” деп чалган бирөө менен бир саат “эрип” сүйлөшкөн украин президенти да эр экен, эй!
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ