Menu

Спикер Дастанбек Жумабековдун 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Бөлүшүү:

Кымбаттуу айымдар!

Кадырлуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жаз майрамы, 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күндүн жер ойгонуп, аалам жаңырып, адамдар жылуулук жана жаңылануу күткөн жаз мезгилинин алгачкы күндөрүндө белгиленип жатышы да бекеринен эмес. Анткени аялзаты көктөм жаздай сергек, көркөм байчечекейдей сулуу. Мээримдүү энебиздин, жаншерик жарыбыздын, күйүмдүү бир тууган, сүйкүмдүү кыздарыбыздын жаркын мамилеси, сылык күлкүсү өмүрүбүздү шаңга бөлөйт. Асылзат айымдардын колдоосу менен мырзалар бийиктикке умтулуп, келечекке кайрат менен кадам шилтейт.

Ардактуу айымдар!

Үйдүн куту болуу менен, өлкө келечеги үчүн жасап жаткан эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, жакындарыңыздардын жанында аман-эсен жүрүңүздөр. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, бекем ден-соолук, бакубат турмуш каалайм! Жаркыраган жаз жашооңуздарга жакшылык, бакыт жана ырыс-кут алып келсин!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы  Дастанбек Жумабеков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: