Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков Алмазбек Атамбаев менен Пётр Порошенконун телефон аркылуу сүйлөшкөнүн четке какты.
Президент аппаратынан билдиришкендей, бул маалымат туура эмес. Исаковдун айтымында, украин лидерин кимдир бирөө тамаша кылган болушу ыктымал.
Буга чейин Украина президенти Петр Порошенконун сайтында ал Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат жарыяланган.
Маалыматта мамлекет башчылары украин-кыргыз мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулаганы жазылган. Тараптар саясий диалогду бардык деңгээлде жандандыруу, андан тышкары соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын белгилешкен. Ошондой эле украин-кыргыз өкмөт аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз болгон.
Билдирүүдө Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия киргизген транзиттик чектөөлөрдүн айынан украин товарларын Кыргызстанга жеткирүүдөгү маселелерди талкуулап, альтернативдүү маршурттарды караштырганы да айтылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ