Menu

Кой-Таштан оор жаракат алган Самат Курманкуловго генералдык наам берилсе туура болот

Бөлүшүү:

7-августта Кой-Таш айылында спецназ менен элдин кагылышуусу болгондо милиция кызматкерлери да тартылып, бирок, ИИМ жетекчиси Кашкар Жушалиев аларды эч даярдыксыз, жадагалса баштарына каска да кийгизбей жөнөткөнү кандай? Бул шалаакылык эмей эмне?

Караңгы киргенде милиция менен көчөдөгү толпа таш менен урушуп, натыйжада, Чүй ОИИБнин начальниги Самат Курманкулов башынан оор жаракат алган. Ал ооруканага өзү араң келгени менен операциядан кийин комага түшүп, эсине келбей жатканы бүтүндөй мекендештерибизди кабатыр кылды. Акыры полковник Курманкуловду Россиядан дарылоого аргасыз болуп, алып кетишкен. Тилекке каршы, дагы деле эсине келе албай жатканы өкүнүчтүү.

Самат Курманкулов коомдук кырдаалды жайгаруу үчүн өздүк курамга дух берүү милдетинде алдыда болуп, башына таш тийип, оор жаракат алды. Негизи ал ишине берилген, профессионал кадр экенин эч ким тана албайт. Кырктын кырынан жаңы ашса да бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап, Бишкек ШИИБни жана Чүй ОИИБни көзгө көрүнөрлүк башкарганга жетишти. (Бул эки орун тең генералдык кызмат). Жыйырма жылдан ашуун элдин сакчысы катары татыктуу иштегенине күбөбүз. Азыркы учурда үй-бүлөсү, жакындары азап чегишип, кайгыда отурушат. Мындай шартта анын өткөн чактагы эмгегин жана кайраткерлигин баалап, милициянын генерал-майору чин-даражасы ыйгарылса, мамлекеттин жүзү үчүн да сыймык болмок. Самат мырзадай эл уулдарын бүгүн баалабасак, качан баркына жетмек элек? Эмесе, биз идея бердик, калганы бийликтин колунда!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: