Menu

Авариялык абалдагы мектептердин жаңы имараттарынын курулушу ушул жылдын күз айларында аяктайт

Бөлүшүү:

Авариялык абалдагы мектептердин жаңы имараттарынын курулушу 2020-жылдын күз айларында аяктайт. Бул маселе бюджеттик тартыштыкка жана пандемияга карабастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.

Авариялык абалда деп таанылган 29 мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Алардын ичинен 11и жакынкы арада колдонууга берилет.

Муну менен катар 14 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул жумуштар өз убагында бүткөрүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат.

Буга чейин Премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каражаттын тартыштыгына жана эпидемиологиялык кырдаалга карабастан өзүнүн бардык социалдык милдеттенмелерин аткарууда жана өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууну улантууда.

Жакынкы мезгилде 100дөн ашуун социалдык жана билим берүү тармагындагы, ошондой эле бир катар ирригациялык объеттерди оңдоо жана куруу иштери аяктайт.  Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ушул маселелердин бардыгын жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттен зарыл каражат бөлүнгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: