Америкалык актер Том Хэнкс менен жубайы коронавирус илдетине чалдыгышты. Бул тууралуу актер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Биз азыркы учурда Автралиядабыз. Жубайым Рита экөөбүз өзүбүздү чарчаңкы абалда, ооруп калгандай сездик. Ал кечке чыйрыгып чыкты. Баарын туура кылуу үчүн бизден коронавирусту аныктоочу тест алышты. Ал оң жыйынтыкты берди», – деп жазды.
Жубайлар Австралияда киного тартылып жүрүшкөн. Алар ал жактан карантинден өтүп, дарыланышат.
Азыркы учурда Австралияда 128 адам коронавирусту жуктуруп алышкан. Анын кесепетинен үч адам көз жумган. 21 адам бул вирустан айыгышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ